Долларды кымбаттатпоо үчүн Улуттук банк 28 млн. доллар сатты

© Фото / PixabayАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Россияда доллар менен евронун баасы көтөрүлдү. Кыргызстанда да европа валютасынын баасы жогорулап, 40-50 тыйынга кымбаттады.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 27-февраль күнү Улуттук банк 28,4 миллион доллар сатты. Маалымат башкы банктын сайтына жарыяланган.

Гипермаркетин иш-күнү - Sputnik Кыргызстан
Азык-түлүк менен кызматтардын баасы канчага өсөт. Улуттук банктын божомолу
Бул жыл башынан берки үчүнчү ирет жасалган интервенция, жалпы жонунан 86,5 миллион доллар сатылды.

РИА Новости жазган маалыматка караганда, Россияда евро менен доллардын баасы сентябрдан бери биринчи ирет көтөрүлдү. Бирок кайра арзандаган болчу. Баа нефтинин арзандашы жана коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам жогорулаганы айтылды.

Кыргызстанда доллардын курсу мурунку чегинде — 69,8-69,85 сом болуп кармалып турат. Ал эми евро 40-50 тыйынга кымбаттады.

Жаңылыктар түрмөгү
0