Кыргызстандыктарга мамлекеттик компаниялардын акциялары сатылат

© Фото / Угрюмова Наталья"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир кыргызстандык, алардын ичинде мигранттар дагы, мамлекеттик же мамлекеттин үлүшү бар компаниянын акциясын сатып алса болот.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстанда IPO концепциясы иштелип чыкты. Анын жардамы менен кыргызстандыктар мамлекеттик компаниялардын акцияларын сатып алса болот. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев журналисттерге билдирди.

Концепциянын максаты — ар бир кыргызстандыкка инвестор болуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

"Концепцияга ылайык, ар бир кыргызстандык, алардын ичинде мигранттар дагы бар, мамлекеттик же мамлекеттин үлүшү бар компаниянын акциясын сатып алса болот. Жарандар 0,1 пайыздан көп эмес акцияны сатып алып, акционер боло алат", — деди Кожошев.

Документке ылайык, 10 миңдей кыргызстандык биригип "Манас" аэропорту, "Кыргызтелеком" сыяктуу ири ишканалардын 10 пайыз акциясын сатып алса болот.

Кожошев кошумчалагандай, эми бардыгы өкмөттүн чечиминен гана көз каранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0