Кыргызстан Белоруссияга асыл тукумдуу мал жеткирүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековПородистые животные в Кыргызстане
Породистые животные в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубатбек Боронов Белоруссия бийлигине айыл чарба багытында активдүү кызматташууну сунуштады. Тараптар өкмөттүк деңгээлде бир нече келишимге кол койду.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстан Белоруссияга сүттү иштетүү боюнча биргелешкен агрокластер түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Жаңы кылымдын электробусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке Белоруссиянын электробустары алынып келиши мүмкүн
Белгилей кетсек, Белоруссиянын Минск шаарында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө.

Агрокластер — орто жана чакан ишканалар менен фирмалардын биригүүсү. Эреже боюнча, агрокластердин катышуучулары кайсы бир продукцияны өндүрүү жана жеткирүү менен алектениши керек.

Белоруссия өкмөтүнүн сайтында жазылгандай, Боронов аталган өлкөнүн бийлигине айыл чарба багытында активдүү кызматташууну сунуштаган.

"Кыргыз тарап Белоруссиянын технологиясы боюнча Кыргызстанда сүт иштетүү боюнча биргелешкен агрокластер түзүүгө кызыкдар. Ошондой эле Белоруссиядан чыккан жабдуулар менен сүт иштетүү комплекстерин куруп, асыл тукумдуу мал жеткирели", — деди Боронов.

Кыргыз тарап аталган өлкөнүн техникасын алууга да дилгир экенин билдирген.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар айыл чарба жана азык-түлүк жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0