Ишкерлерге аянтча түзүлөт. Боронов Белоруссиянын өкмөт башчысы менен жолукту

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ Д. Медведев принял участие в заседаниях Совета глав правительств СНГ и Евразийского межправительственного совета
Премьер-министр РФ Д. Медведев принял участие в заседаниях Совета глав правительств СНГ и Евразийского межправительственного совета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар кызматташууну тереңдетип, эки өлкөнүн ишкерлерине аянтча түзүү максатында бизнес форум өткөрүүнү макулдашты.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Белоруссиянын премьер-министри Сергей Румас менен жолугуп, кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Белоруссиянын Минск шаарында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-белорусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, соода жүгүртүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

"Тараптар кызматташууну тереңдетип, эки өлкөнүн ишкерлерине аянтча түзүү максатында бизнес форум өткөрүүнү макулдашты", — деп жазылат маалыматта.

Жолугушууда жогорку технологиялар жаатында кызматташуу тууралуу кеп болуп, Белоруссия тарап тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0