17:38 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
1277 0 0

Кыргызстан өлкөдө эң ири деп эсептелген ГЭСтин курулушун баштоо ниетинде. Анткен менен кийинчерээк буга инвесторлорду тартууну пландап жатат. Sputnik Кыргызстан аталган долбоордун чоо-жайын билип көрдү.

19-февралда Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров Кыргызстан жакынкы убактан тарта Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо ниетинде экенин айтты. Мамлекет өз күчү менен ал тараптагы жолдорду, көпүрөлөрдү жана башка инфраструктураларды жасайт да, ал эми негизги курулуш инвесторлордун эсебинен курулат. Бирок мөөнөтү тактала элек.

Андыктан Sputnik Кыргызстан бул жаатта маалыматтарды топтоп, окурмандарга сунуштоону эп көрдү.

Дагы ким курат?

Назаровдун айтымына караганда, бир канча инвесторлор жана эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аны менен катар эле Өзбекстан, Казакстандын курулушка катышуусу үчүн сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн.

Эске салсак, 2017-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев алар Камбар-Ата ГЭСи боюнча долбоорго катышууга макул экендигин билдирген жайы бар. Бирок биринчи же экинчи станциянын кайсынысы экендигин так айткан эмес.

Баасы жана кубаттуулугу

Камбар-Ата-1 ГЭСи кубаттуулугу боюнча 1860 мегаватты түзүп (Токтогул ГЭСинен бир жарым эсеге чоңдук кылмакчы), жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр кубатын иштеп чыгары кабарланган. Салыштыруу үчүн айтсак, былтыр өлкөдө 15 миллиард киловатт-саат өндүрүлгөн. Сөз болуп жаткан ГЭС Токтогулдан жогорураак, Нарын дарыясына салынмакчы. Плотинанын бийиктиги 256 метр болору айтылууда. Суу сактагычтын көлөмү 5,4 миллион куб метр болмокчу. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоорго жумшалган каражаттын суммасы 2,9 миллиард долларга чыгат деп болжолдонууда.

Өзүн канчадан кийин актайт?

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директорунун орун басары Таалайбек Бектенов ири объект өзүн-өзү 12 жылда актай тургандыгын айтты. Тактап кете турган маанилүү учур мында CASA-1000 долбоору эске алынат. Электр төрт мамлекеттин — Кыргызстандын, Тажикстандын, Афганистандын жана Пакистандын аймагынан өтмөкчү. Долбоор Борбор Азия мамлекеттерине өндүрүштөн электр кубатын чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Камбар-Ата Кыргызстанга эмне үчүн керек?

Өлкөдө электр кубатына болгон муктаждык өсүүдө. 7-8 жыл ичинде электр кубатын колдонуунүн көлөмү 3-3,5 миллиард киловатт-саатка чыккан.

Эгерде буга чейин Кыргызстан экспорттоп келсе, эми өндүрүлгөн электр кубатын толугу менен колдонуп келет. Андыктан кубаттуулукту көбөйтүү милдети турат.

Эске сала кетсек, Камбар-Ата-2 ГЭСи бар. План боюнча ал жакка ар бири 120 мегаваттык үч гидроагрегат орнотууга мүмкүнчүлүк бар. Бирөө учурда иштеп жатат. Экинчисине Евразия өнүктүрүү банкы каражат бөлөт, бул ишти бүтүрүү 2023-жылга пландалган. Ал эми үчүнчү гидроагрегатты Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке киргенден кийин коюуга болот.

Инвестор менен болгон окуя

Камбар-Ата-1 ГЭСин башында "Интер РАО" ишканасы кура турган болгон. Бул боюнча макулдашууга 2012-жылы кол коюлган. Анткен менен ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Россия долбоор боюнча милдетин аткара албастыгын айтып, эки макулдашууну жокко чыгарууну айткан. Экинчиси Жогорку-Нарын каскады боюнча эле.

Тема боюнча

Толук жаңылаш керек! Үч-Коргон ГЭСин оңдоого 145 млн. доллар алынат
Кыргызстанда электр энергиясы көп керектеле баштады
Исраилов: Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса электр энергиясына муктаждык жоюлат
Белгилер:
инвестор, электр кубаты, Камбар-Ата - 2, ГЭС, Камбар-Ата – 1, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ