Улуттук банктагы алтын валюта запасы 51 млрд. сомго жетти

© AP Photo / AnonymousКитайское общество обмена золотом и серебром в Гонконге
Китайское общество обмена золотом и серебром в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдын башына салыштырмалуу алтын корунун наркы 48,8 миллиард сомго көбөйгөн. Алтын валюта запасы — Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Февраль айынын башынан бери алтын корунун баасы 51 миллиард 31,1 миллион сомго жеткенин Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Жылдын башына салыштырмалуу запастын наркы 48,8 миллиард сомго көбөйгөн.

Рубль жана доллар банкноталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга акча которуулар 280 млн. долларга кыскарды
Улуттук банктагы ачык маалыматтарга ылайык, алар 2008-жылдан бери жарыяланып келет. Бул рекорддук көрсөткүч. Анда Кыргызстандын 2,5 миллиард сомго бааланган алтыны бар экени айтылган.

Былтыркы жылдын ноябрь айында Улуттук банктагы алтындын кору 14,4 тонна эле. Ал эми 2018-жылы 10,8 тонна болгон. Негизи баалуу таштын көпчүлүк бөлүгү 2011-жылы сатып алынган.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0