Россиянын ири электр компаниясы Кыргызстандагы эки долбоорго кызыкдар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы Токтогул ГЭСтин турбиналык залы.
Кыргызстандагы Токтогул ГЭСтин турбиналык залы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын энергетикалык компаниясы Орто Азиядагы бардык мамлекеттердеги долбоорлор менен иштеп жатканын билдирди. Ал эми Кыргызстандын эки ГЭСти ишке киргизүү ниети бар.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Россиянын "Интер РАО" энергетикалык компаниясынын төрөгасы Дмитрий Волков "Камбар-Ата ГЭС-2" долбоорун ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Волков төртүнчү ирет өтүп жаткан "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий - 2020" аталышындагы конгресс-көргөзмөдө сүйлөгөн сөзүндө Орто Азиядагы мамлекеттердин ГЭСтерине карата долбоорлор иштелип жатканын айткан.

"Кыргызстандан КАГЭС-2ни байкаштырып жатабыз. Ал жакты Евразиялык өнүктүрүү банкы каржылай турганы маалым. Бул банк бизге бөтөн эмес, себеби Россия анын негизги акционери. Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСин карап жатабыз. Бардыгы кыргыз тараптын позициясынан көз каранды", — деген Волков.

Белгилей кетсек, Евразия өнүктүрүү банкы "Камбар-Ата ГЭС-2" гидроагрегаты үчүн 110 миллион доллар бөлөт. Долбоор 2023-жылы ишке ашышы күтүлүүдө.

"Бирок биз бул жаатта көйгөйгө кабылып, чече алган эмеспиз. Кыргыз тарап курулуш тууралуу келишимди жокко чыгарды, ал эми Россияда бүгүнкү күнгө чейин жокко чыгарылган жок", — деди Волков.

Ал белгилегендей, Орто Азияда долбоорлорду ишке ашыруунун негизги көйгөйү өз милдеттерин аткарбагандык болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0