Эксперт Нарын дарыясына канча ГЭС курууга боло турганын айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы Токтогулдук гидроэлектростанциясы. Архив
Кыргызстандагы Токтогулдук гидроэлектростанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер Кыргызстандын энергетикасы иш жүзүндө "жашыл" болуп саналарын айтышты. Себеби электр кубатынын 90 пайызынан көбү суу ресурсунан иштелип чыгат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Нарын дарыясында сегиз каскаддык гидроэлектр станциясын куруу мүмкүн экендигин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу Кайра жаралуучу энергия жана энергия жабдуу бөлүмүнүн башкы адиси Бекнур Маратбеков билдирди.

Ал төртүнчү ирет өтүп жаткан "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий - 2020" аталышындагы конгресс-көргөзмөдө сөз сүйлөгөн. Эксперттин айтымында, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы 142 миллиард киловатт-саатка барабар, учурда анын 10 пайызы гана өздөштүрүлдү.

"Эң ири делген Нарын дарыясына 34 станциядан турган сегиз ГЭС курууга болот. Перспективдүү каскаддардын топтомунун кубаты 6 450 мегаватты же жылдык орточо иштелген көлөмү 25 миллиард киловатт-саатты түзөт", — деди Маратбеков.

Өз кезегинде мамлекеттик комитеттин башчысы Эдил Осмонбетов Кыргызстандын энергетикасы иш жүзүндө "жашыл" экендигин белгилеген. Себеби электр кубатынын 90 пайызынан көбү суу ресурсунан иштелип чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0