22:20 10 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.4202
  • EUR91.1352
  • RUB1.0494
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
3039 0 0

Жаңы эреже боюнча өлкөдө өндүрүлгөн товарлар "Кыргызстанда жасалган" деген текчеге өзүнчө коюлушу шарт.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү дүкөндөрдө атамекендик товарларды өзүнчө текчелерге бөлүп сатуу талабын койду. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 24-январында өкмөттүн "КР аймагында соода ишмердүүлүгүн иретке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизилген. Мындай чечим өлкөдө өндүрүлгөн товарларды сатууга шарт түзүү жана колдоо максатында кабыл алынган.

"Атамекендик продукцияларды брендге айландыруу үчүн соода дүкөндөрүндө Кыргызстанда чыгарылган товарларга өзүнчө текче бөлүп берүү талабы коюлду. Ал текченин үстүнө "Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan", "Изготовлено в Кыргызстане") деп жазылуусу шарт", — деп айтылат билдирүүдө.

Соода түйүндөрүнө көлөмүнө жараша төмөндөгүдөй талаптар коюлат:

Аянты 50 чарчы метрден жогору болгон дүкөндөрдө товар тизилген текчелердин ар бир катарына атамекендик продукциялар өзүнчө тизилип коюлушу керек;

Аянты 100дөн 200 чарчы метрге чейинки соода-сатык жайларында товар тизген текчесинин ар бир катарына "Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan", "Изготовлено в Кыргызстане") деген жарнамалык конструкция илинип турушу шарт.

Аянты 200 чарчы метрден жогору болгон соода түйүндөрүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларга элдин көңүлүн буруу үчүн "Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan", "Изготовлено в Кыргызстане") делген маалыматтык такталар, баннерлер илинүүсү абзел.

Аталган механизм өлкөдөн чыгарылган товарлардын импорттук көлөмүн көбөйтүүгө жана соода түйүндөрүнөн көп сатылышына шарт түзөт.

Ошону менен бирге сатуучулар бааны адаттан тыш көтөрүп жибербей, алган товарынын үстүнө 10 пайыздан көп кошпоо талабы коюлган.

Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн эки айдан кийин күчүнө кирет.

Тема боюнча

Бишкек: көчөнүн көркүн бузган павильондордун дизайны өзгөрөт. Эскиз
Белгилер:
токтом, сатуу, товар, соода, дүкөн

ЭҢ МААНИЛҮҮ