Кыргызстандыктардын былтыркы жылдын 9 айындагы кирешеси айтылды

Жазылуу
Калктын акчалай кирешесинин булагы — негизги жумуш ордунан тапкан айлыгы, тагыраагы, анын 72 пайызы. Калгандары социалдык төлөмдөр, жеке чарбаларда өстүрүлгөн азык-түлүктү сатуудан түшкөн пайда жана башка булактар.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 2019-жылдын январь айында Кыргызстан калкынын номиналдык акчалай кирешеси 329 миллиард 524 миллион сомду түзүп, мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Кыргызский национальный университет имени Баласагына КНУ - Sputnik Кыргызстан
Мамлекет карамагындагы ЖОЖдордон кандай пайда көрөт? КУУнун киреше булактары
Калктын акчалай кирешесинин булагы — негизги жумуш ордунан тапкан айлыгы, тагыраагы, анын 72 пайызы. Ал эми социалдык төлөмдөр 14 пайыз болсо, жеке чарбаларда өстүрүлгөн азык-түлүктү сатуудан түшкөн киреше 9 пайызды түзөт. Калганы башка булактардан алынган.

Комитеттин маалыматына караганда, бул каражатты бөлүштүрө келгенде ай сайын киши башына 5587 сомдон тиет. Ал эми былтыр ушул мезгилде жашоо минимуму 4839 сом болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0