БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. КРдин Улуттук банкы (УБ) 11-февралда валюта рыногуна 27,1 миллион доллар алып чыкты. Бул туурасында маалымат аталган банктын сайтына жарыяланган.
Эске сала кетсек, 22-январдан тарта доллардын баасы өсө баштаган. Акыркы эки жумада 69,8 (сатып алуу), 69,9 (сатуу), ал эми кээде андан да төмөнүрөөк наркта — 69,85 болуп кармалып турат. Бул — Улуттук банктын расмий бекиткен курсу.
31-январда валюта рыногундагы сомдук позициясын бекемдеш үчүн УБ 31 миллион доллар сатты.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.