Жээнбеков инвесторлор, ишкерлер менен жолугуп, көйгөйлөрүн угат

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова
Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комитет мамлекет менен бизнес-коомчулугунун актуалдуу маселелерин чечүү үчүн ортодогу пикир алышуу аянтчасы болот деген максатта түзүлгөн.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында эртең, 12-февралда, Кыргызстандын Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Комитеттин 2019-жылдын 24-июнунда өткөн биринчи жыйынында ата мекендик экономиканы, өзгөчө жеңил жана тамак-аш өнөр жайларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү маселелери каралган.

"Комитеттин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча бизнес өкүлдөрү жана аймактардагы инвесторлор менен жолугушууларды уюштуруу, алардын учурдагы көйгөйлөрүн жана түйшөлткөн маселелерин угуу боюнча чечим кабыл алынган. Эртең жогоруда аталган маселелер бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен талкууланат", — деп айтылат маалыматта.

Комитет мамлекет менен бизнес-коомчулугунун актуалдуу маселелерин чечүү үчүн ортодогу пикир алышуу аянтчасы болот деген максатта түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0