17:18 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.0806
  • RUB1.0661
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
183 0 0

Мамлекет башчысы орточо эсеп менен кийинки 10 жылга тышкы карызды тейлөөгө жылына 23 миллиард сомдон ашык же 335 миллион доллар жумшаларын айтты.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Биз тышкы карызды башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты өзгөрттүк. Каржы министрлиги кредиттерди кечүү, аларды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча иштеп жатат, министрликте атайын башкармалык түзүлгөн. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков билдиргенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-февралда, мамлекет башчы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушту. Анда Жээнбеков мамлекеттик тышкы карыздын суммасы акыркы эки жылда ички дүң продуктуга карата 53 пайыздан 44 пайызга чейин төмөндөгөнүн билдирген.

Ошондой эле мамлекет башчысы орточо эсеп менен кийинки 10 жылга тышкы карызды тейлөөгө жылына 23 миллиард сомдон ашык же 335 миллион доллар жумшаларын айтты. Тышкы карыздарды төлөөнүн максималдуу чеги 2025-2029-жылдар аралыгына туш келет.

"Негизи, бардык мамлекеттер карыз алып, эл аралык финансы институттары менен кызматташат. Биздин мамлекет да эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардан тартып тыштан карыз алып келди. Маселе башкада. Биз ушул карызды кандай пайдалана алдык? Буга чейин алынган карызды төлөшүбүз керек. Милдеттенмелерибиз бар. Анын баарын төлөйбүз. Эч кандай жер, кен байлыктар берилген жок жана берилбейт", — деди Жээнбеков.

Президент жеңилдетилген узак мөөнөттүү карыз жана инвестицияларды тартмайынча экономикалык өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Алды 227 млн. сом карыз. Салык төлөбөй жүргөн компаниялар ачыкталды
Кыргызстан Кытайга канча карыз? Акыркы маалыматтын графиги
Мамлекеттик карыз жыл башынан бери кандай өзгөрдү? График
Белгилер:
карыз, Сооронбай Жээнбеков, президент, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ