Ала-Бука району Бельгия, Монголияга 19 тонна кара өрүк экспорттоду

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүУборка урожая яблок и слив в Ставропольском крае
Уборка урожая яблок и слив в Ставропольском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ала-Бука районунда чарбаларды ирилештирүү боюнча регионалдык кооператив түзүү демилгеси көтөрүлүүдө.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району өткөн жылы Бельгияга 12 тонна, Монголияга 7 тонна өлчөмүндө кургатылган кара өрүк экспорттогон. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен кабарлашты.

Бул продукцияны аталган аймактагы кооперативдер сыртка саткан.

"Кооперативдер, мындан сырткары, ички рынокко — Бишкек жана Ош шаарларындагы соода түйүндөрүнө кургатылган кара өрүк саткан. Кен казган ири компанияларга атайын кийимдерди тигип, мөмө-жемиш ширелери менен камсыздаган", — деп айтылган маалыматта.

Учурда аталган райондо чарбаларды ирилештирүү боюнча регионалдык кооператив түзүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0