Россиянын жаңы премьери ЕАЭБди өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу 5 багытты атады

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРабочий визит премьер-министра РФ М. Мишустина в Казахстан
Рабочий визит премьер-министра РФ М. Мишустина в Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын өкмөт башчысы артыкчылыктуу багыттарды санап, кесиптештеринен демилгени колдоого алууну суранды.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ишин илгерилетүү үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып берди.

Ал Алматыда өтүп жаткан ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген жыйынында баяндама жасады.

Мишустиндин сунуштары:

  • Атаандаштыкты өнүктүрүү жана ички соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу;
  • Экономиканы санариптештирүү, карантиндик товарлардын (ветеринардык жана фитосанитардык азыктар) өтүшүнө байкоо салган бирдиктүү система түзүү;
  • Евразия боюнча өнөр-жай кооперациясы тармагын түзүү долбоорун жүзөгө ашырууну кечеңдетпөө;
  • Эл аралык кызматташтык (мисалга, Египет жана Израиль менен эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдө маселенин чечилиши күтүлүүдө. Өзбекстандын ЕАЭБге кызыгуусун, аны менен өз ара кызматташуусун колдоого алуу);
  • Саламаттык сактоо, спорт жана туризм жаатында жарандардын кызыкчылыгын коргоону ЕАЭБди өнүктүрүүнүн маанилүү тапшырмасы катары кароо.

Мишустин кесиптештеринен Россиянын жогорудагы демилгелерин колдоого алууну суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0