14:53 06 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
591 0 0

Жогорку Кеңештин депутаттары жаштарды жумушка алган ишканаларды киреше салыгы менен Cоциалдык фонддун төлөмдөрүнөн бошотуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ага улай эле аларга 10 миң сомдон кем эмес маяна төлөтүүгө ниеттенүүдө.

Аталган мыйзам долбоору шаршемби күнү парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Sputnik Кыргызстан агенттиги жол-жобосун элге түшүндүрүп бермекчи.

Мыйзамдын максаты

Мыйзам долбоору жаш адистердин кесиби боюнча ишканалардан стажировкадан өтүүсүнө, жумуш менен камсыздалышы, теориялык алган билимин практика жүзүндө бекемдөөсүнө багытталган. Ошондой эле жаштарга социалдык колдоо көрсөтүү жана потенциалын жогорулатуу ниетинде жазылган.

"Жаш адистерди, студенттерди стажировкага алуудан баш тарткан учурлар көп байкалат. Анткени алар үчүн да киреше салыгын жана социалдык камсыздандыруу (Cоцфондго) төлөө шарт. Жаштардын эмгек тажрыйбасы жок болгондуктан жумушка орношууда тосколдуктарга тушугуп келишет. Бул алардын чет өлкөгө кетишине себеп болууда", — деп баяндалат негиздемеде.

Долбоордо жаштарды стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк жараткан ишканаларды шыктандыруу нормалары сунушталган.

Иш берүүчүлөр кандай пайда көрөт?

Жаш курагы 28ден ашпаган жаран стажировкадан өтүү үчүн ишкана менен окутуу келишимин түзөт. Ага ылайык, жаш адистерге 10 миң сомдон кем эмес маяна төлөп берет. Ошол эле учурда компания стажер үчүн 12 ай бою киреше салыгы менен социалдык чегерүүлөрдү төлөбөйт. Андан соң катардагы кызматкерлердей эле каралат. Себеби жаштар бир жылда тажрыйба топтоп көп маяналуу иштерди аркалоого жөндөмдүү болуп калат.

Мындай жеңилдик жалпы штаттын 15 пайызына чейин гана берилет. Мисалы, бир компанияда иштеген 100 кызматкердин 15и жаштар болсо алар салыктан бошотулат. Андан ашкандан кийин же 16-адамга жеңилдик берилбейт. Себеби баары жаштарды ишке ала берсе, башка курактагылардын укугу тебеленип калат.

Практикалык окутууга өтүү

Мыйзам долбоорунда дуалдык окутуу системасын киргизүү да сунушталууда. Ага ылайык, кесиптик окуу жайларда сабактардын 20 пайызы теория, 80 пайызы практика жүзүндө окутулат. Бул өз тармагы боюнча иштеп, ошол эле учурда эмгек акы алып турат дегенди түшүндүрөт.

Өндүрүштүк окутууну жана кесиптик практиканы өткөрүү үчүн жумуш ордун берүүчү ишкана менен окуу жай дуалдык окутуу жөнүндө келишим түзөт.

Тобокелчиликтер

Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков бюджеттик мекемелерде минималдык эмгек акы (оклад) 2700 сом, базалык коюмдун (ставка) эң төмөнү 5000-7000 сом экенин билдирди.

Заместитель министра финансов КР Улукбек Кармышаков
© Фото / пресс-служба ЖК
Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков
"Мурда иштеп жүргөн кызматкерлерге салыштырмалуу стажерлорго 10 миң сом маяна төлөө карама-каршылыкты жаратат. Себеби бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда жетектөөчү адистердин айлыгы 10 миңге жетпейт. Бул мыйзам иштеп баштаса, жылына кошумча 492 миллион сом талап кылынат", — деди Кармышаков.

Ошондой эле ал учурда бюджеттик мекемелерде 500 миңдей кызматкер иштей турганын айтты. Демек жаштардын 15 пайызы жеңилдик алып калса, Салык кызматы менен Соцфондго бир жылда 3 миллиард сомго жакын түшпөй калышы ыктымал.

Мындан сырткары, өкмөт мүчөлөрү эгер аталган мыйзам долбоору ишке ашып калса коррупциялык тобокелчилиги болушу мүмкүн экенин белгилешти. Киреше салыгынан качууга жол ачылып, ишкана студенттерди стажер катары алды кылып отчет жазып коюшу ыктымал дешти.

Ал эми Салык кызматынын төрага орун басары Айдай Карагулованын айтымында, былтыр киреше салыгынан 10,5 миллиард сом чогулган. Өлкөдө жеке ишкерлер менен юридикалык жактардын саны 300 миңге чукулдайт.

Чет өлкөгө кеткен жаштардын агымы токтойбу

Демилгечилердин башында турган депутат Абдывахап Нурбаев мыйзамдын негизги максаты жаштарды чет жакка чыгарбай кармап калуу экенин билдирди.

Депутат ЖК Абдывахап Нурбаев на заседании
© Фото / пресс-служба ЖК
ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев
"Жаштар мектепти бүтүп Россияга жана башка өлкөлөргө кетип калууда. Чет жакка кеткен 750 миң кыргыздын 70-80 пайызы жаштар деп ойлойм. Мамлекет төрөт үйүндө карайт, бала бакчада, мектепте, университетте окутат. Анан иштегени келгенде чет жакка кетип калууда", — деди Нурбаев.

Ал эми депутат Жанар Акаев жаштар Кыргызстандын калкынын 30 пайызын түзөрүн белгиледи.

Депутат ЖК от фракции СДПК Жанар Акаев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖК депутаты Жанар Акаев
"КР мыйзамдарында 14төн 28 жашка чейинкилер "жаш" деп эсептелет. Алардын саны өлкөдө 1,7 миллион, калктын 30 пайызын түзөт. Бул абдан чоң катмар. Жаштарга көңүл бөлбөгөндө, анан кимге кам көрөбүз. Акылдуу, ишке жарамдуу эмгек күчүбүз сыртка агылып кетүүдө. Жаштарга басым жасап, эртеңки келечекке кам көрүү шарт", — деди Акаев.

Депутат Элвира Сурабалдиева жаштарды колдоого багытталган иштен бюджет чыгымга учурайт дегендин ордуна 40 пайыздык чекке жеткен көмүскө экономиканы аныктоо керектигин белгиледи.

Сунушталган мыйзам ченемдер жаш адистин мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана адистиги боюнча стажировкадан өтүүгө көмөктөшөт. Ошондон улам мыйзам долбоору аркылуу Эмгек кодексине, Салык кодексине жана "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына толуктоолор менен өзгөртүүлөр сунушталууда.

Бул долбоор көбүнчө жеке менчик ишканаларга ыктап жатат, мамлекеттик мекемелерге да тийиштүү болсо бюджет көп чыгым тартарын айтып өтүштү. Ушул жагдайлар экинчи окууга чейин такталып, толуктоо киргизилет.

Тема боюнча

Лицей жана колледждердин айрым адистиктерине жаңы стандарттар киргизилет
Белгилер:
ишкана, жаштар, салык, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ