Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстан аэропортторун тышкы башкарууга берип эмне пайда көрөт? Маани-маңызы

© Фото / Угрюмова Наталья"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күн мурда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өлкөнүн аба майдандары тышкы башкарууга берилерин айтты. Эксперттер бул демилге кандай пайда берери боюнча ой бөлүштү.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы бардык аэропорттор, анын ичинде "Манас" менен "Ош" ири аэропортторун тышкы башкарууга берүү пландалып жатканын 27-январь күнү биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирген.

Ал декабрь айында аэропортторду тышкы башкарууга берүү долбоорун даярдоо иши аяктаганын билдирген. Бирок иш жүзүндө бардыгы оңой эмес экен.

Негизи компания банкрот болгондо же кризис учурунда тышкы башкарууга берилет. Мисалы, жетекчилик ката кетирип, каражатты максатсыз пайдаланса же жумушчулардын квалификациясы өтө төмөн болсо ушундай кадамга барууга туура келет.

Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз учактары Европа асманында качан эркин учат? Авиация агенттигинин жообу
Бирок бул жерде абал такыр башка. Республикадагы 11 аэропортту өзүнө камтыган "Манас" эл аралык аэропорту" компаниясынын эч кандай финансылык көйгөйү жок. Мисалы, 2019-жылдагы таза кирешеси 2 миллиард сомду түзгөн.

Министрлер кабинетинин чечимине башка нерсе себеп болгон. Бийлик Кыргызстанды Түштүк-Чыгыш Азия менен Европаны бириктирген транзиттик түйүнгө айландырууну каалап жатканын Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев билдирди.

Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Аэропорттор тышкы башкарууга берилеби? Кыргызстан үчүн мааниси" аттуу маалымат жыйынга катышты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев
Кыргызстан аэропортторун тышкы башкарууга берип эмне пайда көрөт? Маани-маңызы - Sputnik Кыргызстан
Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев
"Борбор Азия аймагында аэропорттор арасында атаандаштык бар. Бүгүнкү күндө Алматынын эл аралык аэропорту менен Өзбекстандын тармактык аэропорттору катуу өнүгүп жатат. Буга байланыштуу биз коңшулардан артта калбашыбыз керек. Ал эми эл аралык тажрыйба алар менен атаандашууга жардам берет", — деди Абдылдаев.

Тышкы башкаруунун арты менен кызмат көрсөтүүнүн сапаты, коопсуздук системасы жакшырып, жүргүнчүлөрдүн саны көбөйөт деп болжонууда. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев мисал катары "Ысык-Көл" аэропортун айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев
Кыргызстан аэропортторун тышкы башкарууга берип эмне пайда көрөт? Маани-маңызы - Sputnik Кыргызстан
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев
"Бул аба майданды инвестордун жардамы менен эл аралык стандартка жеткирүүгө болот. Эмнеге болбосун? Бизде ушундай идея бар. Учурда ал жакта май куйган комплекс жок, эми курулуп жатат. Жүргүнчүлөрдүн терминалы, Карго терминалы жок. Эгер инвестор келип кыска убакытта курам десе, кудай жалгасын!" — деди ал.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эффективдүү жетектөөнүн арты менен авиабилеттердин баасын арзандатса болорун айтышты.

"Эл аралык тажрыйба боюнча кирешенин 60 пайыздан көбү авиациялык эмес ишкерликтен түшөт (имараттарды ижарага берүү, соода — ред.). Биздин өлкөдө бул сумма 20-25 пайызды түзөт. Эгер эл аралык оператор келе турган болсо ал авиациялык эмес кирешени жогорулатат. Бул өз учурунда авиакомпаниянын чыгашасын жаап, билеттердин арзандашына алып келет", — деди Абдылдаев.

Анткен менен "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Абдималик Бусурманкулов билеттердин баасын аэропорт эмес, авиакомпаниялар аныктай турганын белгиледи.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Абдималик Бусурманкулов
Кыргызстан аэропортторун тышкы башкарууга берип эмне пайда көрөт? Маани-маңызы - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Абдималик Бусурманкулов
"Инвестор келсе эле авиабилеттердин баасы арзандап кетет деген иллюзияны таңуулоонун кереги жок. Дагы бир жолу белгилеп койгум келет, ар бир авиакомпания өзүнүн тарифтик саясатын аныктайт. Негизинен билеттердин баасы авиакеросиндин баасынан көз каранды", — деди Бусурманкулов.

Кыскасы, Кубатбек Бороновдун "аэропортторду тышкы башкарууга берүү долбоорун даярдоо иши аяктады" деген кеби эртерээк айтылып калды окшойт. Иш жүзүндө учурда болгону консультант гана табылды. Тагыраагы, Дүйнөлүк банктын группасынын мүчөсү эл аралык финансылык корпорация (IFC) бийликке келишимди ишке ашырууга жардам берет.

"Консультация үчүн өкмөт бир дагы сом төлөбөйт. Алар башка жактардан каражат булагын издей тургандай келишимге жетиштик. Бул эл аралык практика. Ага ылайык, көрсөтүлгөн кызматтын чыгымын инвестор төлөп берет", — деди Абдылдаев.

Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп
Чет элдик инвесторлор боюнча сөз буга чейин дагы болгон. Түркиянын TAV Airports Holding компаниясы Кыргызстандын аэропортторуна инвестиция кылууга бир нече ирет аракет кылган, бирок иш жүзүнө ашкан эмес. Бул рынокко россиялык бизнесмен дагы кире албай койгон.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын өкүлү Абдималик Бусурманкулов компанияны тышкы башкарууга өткөрүп берүүгө бийликтин каалоосу жетишсиз.

"Акыркы чечимди акционерлердин кеңеши чечет. Биз акциянын 79 пайызы мамлекетке, 8 пайызы Соцфондго, 12 пайызы жеке жана юридикалык жактарга караган компания тууралуу кеп кылып жатабыз. Чечимди акционерлер кабыл алат", — деди Бусурманкулов.

Кыргызстанда жалпы жонунан 11 аэропорт бар. Алардын экөөсү гана киреше алып келип турат ("Манас" жана "Ош" аэропорту). Калган тогузу дотацияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0