Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Россиядан кошумча акча алабы? Жетекчиликтин жообу

© AP Photo / LM OteroПечать долларовых купюр
Печать долларовых купюр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фонд 2014-жылы Россия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык келишиминин негизинде түзүлгөн. Россия тарап уставдык капитал иретинде кайтарымсыз 500 миллион доллар бөлгөн.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Азыр Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кошумча каражатка муктаж эмес, бүгүнкү күндө ага 110 миллион доллардай акча кайтарып берилди. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

Фонд 2014-жылы Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык келишиминин негизинде түзүлгөн. Россия тарап уставдык капитал иретинде кайтарымсыз 500 миллион доллар бөлгөн. Бирок зарыл болсо дагы 500 миллион долларды фондго карыз иретинде таап берүүнү убада кылган.

Жолугушууда журналисттер Асрандиевге "Россияга аталган каражат боюнча кайрылдыңарбы?" деген суроо беришти.

"Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Фонддун кеңешинин кыргыз тарабы бул маселени көтөргөн. Бирок быйылкы жылга каражат жетиштүү. Азыр өзүбүздүн капиталды өстүрүп жатабыз. Долбоор ишке киргенден бери 325 миллион доллар берилип, бүгүн 110 миллиону кайтарып алынды", — деди Асрандиев.

Фонд жетекчисинин айтымында, азыркы каражаттар кайтарымсыз. Ал эми кийинки ала турганыбыз карыз иретинде болот. Тагыраагы, аларды кайтарып беришибиз керек.

Жыл башындагы маалыматка таянсак, бардыгы 2249 долбоор жактырылган. Аларга жалпысынан  379 миллион доллар жумшалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0