Бажы төлөмдөрү кымбаттаганы авторыноктогу абал кандай? Баага жоромол жана сереп

Жазылуу
2020-жылдан тарта Кыргызстан ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдөн ташып келинген автоунааларга арзан бажы төлөмдөр доору аяктаган. Серепчилердин бир даары темир тулпарлардын баасы кымбаттайт деп божомолдошсо, бир тобу арзандайт дешкен.

Азыр чындыгында абал кандай экенин тактап көрдүк. Эске салсак, Кыргызстандын авторыногу өткөн күздө дүрбөлөңгө түштү. Элдин көбү бажы төлөмдөрүнүн жаңы чендери күчүнө киргенче колундагы автоунаасын жаңыртып алууну пландап, рынокто алып-сатуу активдешти. 2019-жылдын 31-декабрында Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына кирбеген мамлекеттерден автоунаа ташууга жеңилдик берген тарифтер менен кош айтышты.

Маалы келгенче кыргызстандыктар арзан бажы төлөмдөрдүн мөөнөтү жылдырыларына ынанып турган. Бирок узартылган жок. Анткени ноябрдын аягында 2020-жылы ЕАЭБ тышындагы өлкөлөрдөн автоунааларга төлөм чени өзгөртүлбөй турганы анык болду.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы автомобиль сатуу менен алектенген адистер менен баарлашып, жаңы эрежелер республиканын авторыногундагы абалды кандай өзгөрткөнүн сурады. 

2003-жылы чыккан Honda Fit унаасынын баасы кандайча өзгөрдү
Бажы төлөмдөрү кымбаттаганы авторыноктогу абал кандай? Баага жоромол жана сереп - Sputnik Кыргызстан
2003-жылы чыккан Honda Fit унаасынын баасы кандайча өзгөрдү

Мурда айдалган автокөлүктөр кымбаттадыбы?

Кыргызстандыктар баанын жогорулашы эле эмес, бажы төлөмдөрүнүн асмандап кетишине да камынган. Бул өткөн жылкы бааларга таасири тийгенин баш калаадагы автосалондордун биринин атын атагысы келбеген жетекчиси айтып берди. Бул киши ЕАЭБге кирген да, кирбеген да мамлекеттерден да ташып келинген, мурда айдалган автокөлүктөрдү сатат.

"Соода менен алектенгендердин бир катарлары толтура автоунаа сатып алып, былтыр күзүндө жасалма түрдө бааны көтөрүп, бажы төлөмдөрү жогоруласа кымбаттайт деп ойлошкон. Бирок жаңы чендер бир өңчөй болбоду. Январда баа көтөрүлгөн да, түшкөн да жок", — деди ишкер.

Анын айтымында, КыргызстандаToyota, Lexus, Mercedes жана BMW автоунаалары эң өтүмдүү. Алардын  жаңылары да, эскилери да жакшы сатылат.

Autotrade.kg компаниясынын директору Асат Нурматов да январда баа былтыркы бойдон турганына токтолду.

"Баа акырындап төмөндөй баштады. Рыноктогу күзгү дүрбөлөңгө чейин көп бар. Жаңы бажы төлөмдөрү менен документтер толтурула турган учур февралга туура келет. Тагыраагы, буюртмалар ушул айда келип калат. Азыр кишилер карап, ойлонуп, бири-бирине көз салып жаткан чагы... Анан калса, бажы ченемдердин жаңы эсебин ар бир киши биле бербейт, ал эми тарифтер боюнча айрым маселелер дагы такталууга тийиш. Маселен, электр менен жүрүүчү автоунаалар үчүн төлөмдөр кандай болору белгисиз", — деп белгилейт Нурматов.

Биздин жарандарга эки жол бар экенин эскертели. Биринчисинде заводдон чыкканына жети жылдан ашпаган жаңы автоунааларды ташып келүүгө жол берет. Бирок бул варианттан пайдалануу үчүн бажы кызматына бир нече документти көрсөтүүгө тийиш. Жөнөкөйлөтүлгөн вариантты да тандоого болот, бирок андай учурда бажылык жол-жоболоштуруу кымбатка түшөт.

Башка серепчилер мындай жагдай Кыргызстанга акыры автопаркты жаңылоого жардам берерин боолголойт. Нурматовдун пикиринде, жаңы автомашиналарды жол-жоболоштуруу 2014-жылдан мурда чыккан (эскирээк) автомобилдердин бажы төлөмдөрүнө караганда анчалык кымбаттаган жок.

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРге үчүнчү өлкөлөрдөн кирген унаалар салыктан бошотулабы? Жаңы мыйзам долбоор
"Мисал келтирейин. 2015-жылы чыккан Toyota Camry 55 үлгүсүндөгү автокөлүктү буюртмага жаңы тарифтик торчо боюнча 12-13 миң долларга алып келип беришет. Былтыр ошол эле автоунааны кайра сатуу ниети менен ушундай эле баага алып келишчү. Ошондуктан базарда ага 16 миң доллар сурашат", — деп түшүндүрөт ал.

Нурматов эми ишкерлер жаңыраак темир тулпарларды ташып келе башташарын кошумчалады.

"Ооба, бажылык жол-жоболоштуруу кымбаттады, бирок бул рыноктун күнү бүттү дегендик эмес. Кыргызстанга эски автомобилдерди ташуу элге пайдасыз. 2008-2009-жылдары чыккан автоунааларга коюлган чендер көтөрүлдү. Бирок кыргызстандыктардын 2014-жылы жана андан бери чыккан темир тулпарларды ташуу мүмкүнчүлүгү али да бар", — деп жыйынтыктайт ишкер.

AutoExport компаниясынын директору Максим Беришев бөлөк пикирде.

"Эгер автоунааны арзаныраак ыкма менен жол-жоболоштургуңуз келсе, анда дал ошол акчага сатып алынганын далилдөөгө тийишсиз. Бажыкана документтерди кабыл алар-албасын да алдын ала билүү мүмкүн эмес.  Бир вариантка үмүттөнүп, натыйжада башка жагдайга "түшүп калышың" мүмкүн", — деп белгиледи ал.

Жергиликтүү авторыноктун табиятын да эстен чыгарбоо зарыл. Ишкер белгилегендей, 2014-жылдан берки автокөлүктөрдү эл көп сатып албайт, алар Кыргызстандагы темир тулпарлардын азыраагын гана түзөт.

"Жаңы автоунаа алгандар жок эмес, бирок эскилерине суроо-талап көп. 2019-жылы АКШдан заводдон чыкканына 10-11 жыл болгон темир тулпарларды алып келишчү. Toyota 4Runner, Toyota Sequoia, Lexus RX 310, Toyota Highlander сыяктууларга талап күч эле", — дейт Беришев. 

2004-жылы чыккан Subaru Forester унаасынын баасы кандайча өзгөрдү
Бажы төлөмдөрү кымбаттаганы авторыноктогу абал кандай? Баага жоромол жана сереп - Sputnik Кыргызстан
2004-жылы чыккан Subaru Forester унаасынын баасы кандайча өзгөрдү

Жаңы автоунаалардын баасы эмне болот?

Жеңилдетилген мөөнөттүн бүтүшү чет элдик үлгүдөгү автоунаалардын расмий импортчуларынын ишине таасир этти. Жаңы эрежелер автосалондорго түздөн-түз таасир эткенин Кыргызстандагы BMW расмий импортеру болгон "Эстокада" автоборборунун сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Даиров айтып берди.

Ошентсе да, анын айтымында, темир тулпарлардын чоң партиясын салонго жаңы жылга чейин эле алып келишкен. Ошондуктан, кыргызстандыктар жагдайды жазында даана байкайт.

"2020-жылдын тарифтери боюнча жол-жоболоштурулган биринчи автоунаалар Кыргызстанга май айында гана келет. Алар орточо эсеп менен алганда 7 пайызга кымбатташы күтүлөт. Айдала электерин сатып алууга шарты бар кардарлар кандай болсо да, баалардын өсүшүнө карабастан алышат", — деп билдирет Даиров.

Кыргызстандыктар кандай автоунааларды алып жана сатышат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эл көп алган автоунаалар. Үлгүсү, баасы, жылы, куйган майы
Андан тышкары, жергиликтүү автоборбор атаандаштыкка дале жөндөмдүү бойдон. Ал бөлөк өлкөлөргө караганда Кыргызстанда жаңы BMW сатып алуу пайдалуу экенин кошумчалады ал. Биздин жарандар айдала элек автоунааларга дагы да болсо кызыгат. Январь соода дээрлик болбогон, "жымжырт ай" болуп саналат.

"Талап дайым бар, бирок жайындагыдай күч эмес. Бирок азыркы январь айын мурдагыларга салыштырсак, кардарлардын активдүүлүгү өзгөргөн жок", — деп билдирет автоборбордун өкүлү.

Кымбаттоолор Россияда чогултулган машиналарга таасир этпей турганын Toyota борбордун сатуу бөлүмүнүн менеджери Александр Калинин белгиледи.

"РФте чогултулган автомобилдер мурдагыдай баада. Мисалга, эл сүйгөн жаңы Toyota Camry автоунаасынын эң аз комплектациясы орточо 25 миң доллар турат. Калган үлгүлөрү (мисалы, Land Cruiser, Hilux) кымбаттады. Эгер эң көп сатылган топтомдогу Land Cruiser 200 үлгүсүндөгүсү декабрда 90 миң доллардын тегерегинде турса, азыр алдын ала буюртма менен 92 миң долларга келет", — деп түшүндүрөт Калинин.

Айтымында, кыргызстандыктардын көпчүлүгү былтыр эле автомобиль сатып алышкан.

"Бир тобу жаңы жылга дейре автокөлүк сатып алууга үлгүрүү үчүн карызга да батышты. Бул да суроо-талапка таасир этпей койгон жок, 2019-жылдын аягына салыштырмалуу 2020-жылдын башында кардарлардын агымы азайды. Былтыр жыл аяктаганча ташып келинген темир тулпарлардын басымдуу бөлүгүн сатып бүттүк", — дейт адис. 

2006-жылы чыккан Toyota Camry унаасынын баасы кандайча өзгөргөн
Бажы төлөмдөрү кымбаттаганы авторыноктогу абал кандай? Баага жоромол жана сереп - Sputnik Кыргызстан
2006-жылы чыккан Toyota Camry унаасынын баасы кандайча өзгөргөн

Авторыноктун 2020-жылдагы абалына жасалган божомол

Калинин көктөм келгенде автомобилдик рынок кадимки калыбына түшөт деп эсептейт.  Анын пикиринде, кыргызстандыктар жаңы автоунааларды да, айдалгандарын да сатып ала берет.

"Жаздын аягында салондо кардарлардын саны артат деп турабыз. Ал убакта Кыргызстанга жеңилдик маалында ташып келинген автокөлүктөрдүн бөлүгү сатылып бүтүп калат. Ошентсе да, өлкөгө орточо баадагы – 4,5 миңден 7 миң долларга чейинки автоунаалар  жетишпейт", — деп белгиледи ал.

Россиядан дурус баада автоунаа ташыгысы келгендер азыртан ойлоно бергени оң. Бул туурасында Silk Road Auto компаниясынын менеджери Дмитрий Жаданов билдирди.

"Россиялык автоунаа баасы кыргызстандыктарды кызыктырат, анткени, РФтен базар баасынан төмөн ташып келүүгө болот. Мейли, бул жогорку же орто класстагысы болсун,  рыноктогу тандоо баары бир жетишерлик. Россиядан автокөлүк алып келем дегендер үчүн азыр эң ыңгайлуу учур, кымбаттап кете электе, ушул мезгилдери жетишип калышы керек", — деп кеңеш берди адис.

Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу
Беришевдин пикиринде, кырдаалга таасир этчү себептер арбын, андыктан, жагдайдын мындан аркы абалы кандай өнүгөрүн болжолдоо жеңил эмес.

"Кыргызстандын рыногу анча кең эмес, чакан факторлордун таасири да сезилерлик болот. Менимче, орто сегменттеги темир тулпарлардын баасы азыркыдай эле деңгээлде калат. Lexus GX жана Toyota 4Runner кымбатташы ыктымал", — деп кошумчалады ал.

Асат Нурматов башка бир жоромолун ортого салды. Анын пикиринде, февралдын башында баа арзандай баштайт, баанын төмөндөшү базардагы автоунаалардын көптүгүнөн улам да болушу мүмкүн.

"Ишкерлер январда сатып алынган автоунааларды кайра сатууга ниеттенген, бирок алардын оюндагыдай болгон жок. Мисалы, жаңы автоунааларды жол-жоболоштуруу акысы көпчүлүк күткөндөй деңгээлге чыккан жок. Былтыр ташып келингендердин баасы түшөт деп боолголоп турам, анткени алар жаңы алып келген автокөлүктөр менен атаандаша албайт", — деп түшүндүрдү Нурматов.

Автосалондун өз ысымын атагысы келбеген жетекчиси да дал ушундай ойдо. 

2003-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado унаасынын баасы кандайча өзгөрдү
Бажы төлөмдөрү кымбаттаганы авторыноктогу абал кандай? Баага жоромол жана сереп - Sputnik Кыргызстан
2003-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado унаасынын баасы кандайча өзгөрдү

"Былтыр күздө темир тулпарларды өтө көп санда ташып келген сатуучулар бааны көтөрүп салды. Жасалма түрдө кымбаттатылган автоунааны ким сатып алгысы келсин? Ошондон улам көбү өтпөй турат. Бир-эки ай өтүп-өтпөй арзандайт", — деп билдирди ал.

Адис авторыноктогу ушундай эле кырдаал бир нече жыл мурда болгонун эске салды. Анда да кымбат автокөлүктөрдүн баасы кескин төмөндөп, андан кийин Кыргызстанда автомобиль наркы жөнгө салынган.

Айтмакчы, биз өткөндө  Кыргызстанга сол рулдуу болуп кирген унаалар кантип оң рулдууга айланып калганы боюнча материал даярдаганбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0