15:38 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (137)
182310

Билдирүүгө караганда, чек коюулар Кытайда чыккан коронавирус боюнча абал жакшырганга чейин кармалып турмакчы. Өкмөттөн кошумчалашкандай, товарлардын башка түрлөрүн киргизүүгө бөгөт коюлган жок.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Кытайдан эт жана жер-жемиштердин айрым түрлөрүн алып келүүгө тыюу салды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, чек коюулар аталган өлкөдө чыккан коронавирус боюнча абал жакшырганга чейин кармалып турмакчы. Өкмөттөн кошумчалашкандай, товарлардын башка түрлөрүн киргизүүгө бөгөт коюлган жок.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, Кыргызстанда Кытайдан өрдөк эти жана жер-жемиштерден алма, банан, мандарин, грек жаңгагы жана сарымсак келчү. 

Эске салсак, бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус боюнча абал турукташканга чейин бардык Кытайга барып-келүү токтотулганын айткан.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында өпкө оорусуна кабылткан белгисиз оору жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландан жуккан деген версия бар.

Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Кытайдан башка бир нече мамлекетте да бул ооруну жуктуруп алгандар каттала баштады. Буга байланыштуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. Кыргызстанда да мындай абал көзөмөлгө алынып, ТИМ мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.

Эске салсак, акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда чыккан коронавирус 2,8 миң адамга жугуп, 80 кишинин өмүрүн алды. Ал Кытайдан тышкары Азия өлкөлөрүндө жана АКШ, Францияда катталды.

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (137)

Тема боюнча

Коронавирус Бишкекке жеттиби? Дарыгердин жообу
Коронавирустун жаңы белгилери айтылды
Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 80ге жетип, 2744 адам ооруп жатат
Белгилер:
товар, чектөө, чек ара, Кытай, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ