16:42 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
115 0 0

Доллардын курсу, автоунаа майлары менен Улуттук банктагы уютулган алтындын граммынын баасы боюнча маалыматтарды күн сайын эртең менен Sputnik Кыргызстандан билип турсаңыз болот.

Эмне үчүн бул тизмеге Улуттук банктагы алтын куймалары боюнча маалымат кошулуп калды? Себеби акыркы учурда алтындын баасы улам өсүп бара жатат. Эгерде баам салып, ойлонуп кадам таштаса, бир топ эле акча жасап алса болчудай.

Валюта наркы Улуттук банктын расмий курсу жана Valuta.kg порталындагы маалыматтарга карата берилди. Бул жерде алмаштырыла турган акчалардын наркы көрсөтүлүп турат. 

Улуттук банктын уютулган алтынынын, валютанын жана майдын баасы. 2020-жылдын 22-январына карата маалымат (сом менен)
Улуттук банктын уютулган алтынынын, валютанын жана майдын баасы. 2020-жылдын 22-январына карата маалымат (сом менен)

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты уютмадан турат, салмагы бирден тарта 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталган бери 220 кг алтын соодаланган. 

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатпастан, аны сатып да алат. Бааны алар өздөрү Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюп турат.

Ал эми автоунаа майларын алсак, күйүүчү май менен бензиндин эл көп пайдаланган түрлөрү белгиленген.

Тема боюнча

Улуттук банктагы алтын запасынын баасы акыркы жылдары 4 эсе өстү
Улуттук банктагы алтын көбөйүп, көлөмү рекорд койду
Белгилер:
валюта, бензин, алтын куймалары, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ