Казакстанда бензиндин кымбатташы Кыргызстандын рыногуна таасирин тийгизеби?

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАвтозаправочная станция АЗС в Крыму
Автозаправочная станция АЗС в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда жыл жаңырары менен бензинге болгон акциз жогорулап, натыйжада күйүүчү майга болгон баа өстү.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Казакстанда күйүүчү май каражаттарынын кымбатташы Кыргызстандагы бензин менен дизелдин баасына таасир этпейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Казакстандын ЖМКлары жазганына караганда, бензинге болгон акциз 1-январдан тарта эки эсе жогорулады. Божомол боюнча бул нерсе чекене бааны 10 теңгеге (2 сомго) жогорулатат. Ири компанияларда АИ-92 үлгүсүндөгү майдын баасы 3-5 теңгеге (0,4-1 сом), чакан ишканаларда андан да кымбаттаган.

"Биз бензин менен дизель майын Казакстандан сатып албайбыз. Бул көйгөйдүн бизге тиешеси жок", — деди Эшатов.

Ал ошондой эле Кыргызстан күйүүчү майды Россиядан импорттоп келерин эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0