Автогаз тартыштыгы. Нефтетрейдерлер маселе качан чечилерин айтты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМеждународный автопробег «Газ в моторы»
Международный автопробег «Газ в моторы» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кээ бир май куюучу жайларда газ түгөнүп, башкаларында узун кезек жаралганы айтылган. Чек арада көйгөй болушу ыктымалдыгы да божомолдонгон.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Ушул жуманын аягына чейин автогаз тартыштыгын жоюу пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди.

Белгилей кетсек, кээ бир май куюучу жайларда газ түгөнүп, башка жайларда узун кезек жаралганы маалым болду.

"Декабрдагы келишим боюнча маселе жаралгандыктан тийиштүү партия келбей калган. Учурда биринчи партия жүктөлө баштады. Бир жуманын ичинде, 4-5 күндүн аралыгында көйгөй чечилет", — деди Эшатов.

Ал ошондой эле чек арада көйгөй болбогонун белгилеп, Казакстанда баалар өсүп кетип ошого байланыштуу келишимде суроолор жаралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0