Өлкөдө автогаз тартыштыгы байкалууда. Нефтетрейдерлердин түшүндүрмөсү

© AFP / LUIS LIWANAGСтоимость автогаза в Маниле
Стоимость автогаза в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов кээ бир май куюучу жайларда автогаз түгөнүп, башка жайларда узун кезек жаралып жатканын айтты.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын кээ бир май куюучу жайларында автогаз түгөнүп калгандыгын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Маалыматка ылайык, автогаздын келүүчү партиясы Казакстан менен чектеш аймакта турат.

"Документтерди каттоо жүрүп жатат, бирок партия кармалып калды деп айта албайм. Болжолдуу маалыматтарга караганда, аларда газ бар. Себебин тактайбыз. Азырынча толук маалымат бере албайм", — деп айтты Эшатов.

Ал кошумчалагандай, кээ бир май куюу жайларында газ калбай калган, айрымдарында кезекке тургандар көбөйүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0