Өкмөт быйыл иштетүү үчүн 5 кенге сынак жарыялайт. Тизме

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүр кенинде иштеген техника. Архивдик сүрөт
Көмүр кенинде иштеген техника. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы өкмөт он аукцион уюштурган. Анын негизинде мамлекеттик казынага 627,5 миң доллар же 43,6 миллион сом түшкөн.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Быйыл беш кенди иштетүүгө сынак жарыялоо пландалууда. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Талас облусундагы Жер-Үй кенинде жардыруу иштери башталды, тагыраагы, кен казууга старт берилди - Sputnik Кыргызстан
Жер-Үйдөн кен казуу үчүн жардыруу иштери башталды. Сүрөт
Билдирүүгө ылайык, Кадамжайдагы сурьма, Ноокат районундагы гипс, Туюк-Каргаш, Тегене жана Сүлүктүдөгү "Поле 11" көмүр кени сынак аркылуу өндүрүшкө киргизилет.

Мындан сырткары, кен байлыктарды казуу үчүн 20 аукцион өткөрүү пландалган. Ал эми өткөн жылы 10 аукцион уюштурулуп, анын негизинде өлкө казынасына 627,5 миң доллар же 43,6 миллион сом түшкөн. Сынактар негизинен чоңураак кендерге жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0