Кыргызстандын тышкы карызы кыскарды

Жазылуу
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, республиканын сырткы карызы кыскарып, ички карызы сезилерлик өскөн.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2019-жылдагы 11 айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз 39 миллион долларга өскөн. Мындай бүтүмгө Финансы министрлигинин маалыматына таянуу менен келүүгө болот.

Банкноты доллара США - Sputnik Кыргызстан
Министр: 2027-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн. доллар керектелет
2018-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 464 миллион 350 миң долларды түзгөн. Ал эми акыркы маалыматтарга караганда (2019-жылдын аягы), 4 миллиард 503 миллион 480 миң доллар болду.

Муну менен катар тышкы карыз 44,3 миллион долларга кыскарып, 3 миллиард 781,4 миллионду түздү. Ал эми ички карыз 83,4 миллионго өсүү менен 722 миллион долларга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0