11 айда Кыргызстандан которулган акчанын көлөмү жарым миллиардга жетти

© REUTERS / Dado RuvicКурс доллара в КР
Курс доллара в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк өткөн жылдын 11 айында канча каражат сыртка которулганын маалымдады. Рекорддук көрсөткүчкө 1 миллион доллар жетпей калды.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Кыргызстандан сыртка которулган акчанын көлөмү 493 миллион 450 миң долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат. Сөз жеке жактардын акча которуулары жөнүндө болуп жатат.

Бул 2005-жылдан берки 11 айдын ичиндеги экинчи ири көрсөткүч болуп саналат. Белгилей кетсек, 2005-жылдан берки маалыматтар ачык жарыяланып келет.

Рекорддук көрсөткүч 2018-жылдын январынан ноябрына чейинки аралыкта катталган — 494 миллион 480 миң сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0