"Росинбанктын" 9 жылга кесилген мурунку орун басарынан 489 млн. сом өндүрүлдү

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Росинбанктын" сайты. Архив
Росинбанктын сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финпол билдиргендей, кылмыштуу топ россиялык банктар аркылуу кыргызстандык "Росинбанктагы" ортомчу фирмалардын эсебине үч миллиарддан ашык рубль которгон.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жогорку соттун соттук коллегиясы Ленин райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун "Росинбанктын" 9 жылга эркинен ажыратылган мурунку орун басары Андрей Гойхманга чыккан өкүмдү күчүндө калтырып, 489 миллион 153 миң 201 сом өндүрдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Гойхман Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен ("Коммерциялык жана башка уюмдарда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланануу") күнөөлүү деп табылган.

"Айыптуу болсо да сот кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Гойхманды эркинен ажыратуу чечимин чыгарган эмес. Муну менен катар ал кылмыштуу жол менен акча жегендиги үчүн күнөөлүү деп табылган. Ушул факт боюнча анын мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан. Гойхмандан 489 миллион 153 миң 201 сом өлчөмүндө акча өндүрүү каралды", — деп айтылат маалыматта.

Гойхмандын иши

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлиги январда 1,3 млрд. сомдук баалуу кагаз чыгарат
Финпол билдиргендей, 2018-жылы кылмыштуу топ россиялык банктар аркылуу кыргызстандык "Росинбанктагы" ортомчу фирмалардын эсебине үч миллиарддан ашык рубль которгон. Салык төлөбөө үчүн сырткы экономикалык ишкерлик жүйөсү менен жасалма документтердин негизинде акчалар Россияда катталган жана Сейшель аралдарындагы чет элдик компаниялардын эсебине которулган.

Бул боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кылмыш ишин козгоп, Гойхманды колго түшүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0