Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерликти каржылоо үчүн 150 млн. доллар бөлөт

© REUTERS / Yuriko Nakao / File PhotoАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фонддун жетекчиси айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин айтты. Ишкерлерди каржылоо өлкөдөгү банктар аркылуу жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2020-жылы ишкерликти каржылоо көлөмүн 150 миллион долларга чейин жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу фонддун башкаруучулугунун төрагасы Эркин Асрандиев билдиргенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Асрандиев аталган фонд орто бизнести каржылоо үчүн "РСК" банкына узак мөөнөттүү насыяга деп 15 миллион доллар берерин айткан. Ошондой эле долбоорлорду каржылоого башка банктар аркылуу 90 миллион доллар бөлүнөрүн белгилеген.

Жетекчи айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0