Финансы министрлиги январда 1,3 млрд. сомдук баалуу кагаз чыгарат

Жазылуу
Баалуу кагаздардын эки түрү тең Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондор аркылуу жума сайын сатылып турат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Финансы министрлиги январь айында 1,3 миллиард сомдук баалуу кагаздарды чыгарат. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, анын ичинен 550 миллион сомдук мамлекеттик казыналык векселдерди (МКВ), 750 миллион сомдук мамлекеттик казыналык облигацияларды (МКО) чыгаруу пландалууда.

МКВнын алгачкы аукциону 9-январь күнү өткөн, бүгүнтөн тарта чыгарыла баштайт. МКОнун купондук чени 5 жана 7 пайызды түзөт. Жүгүртүү мөөнөтү — 3-7 жыл.

Заместитель министра финансов КР Алмазбек Азимов  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Азимов: 2020-жылдын бюджетинен 15,5 млрд. сом баалуу кагаздарга каралды
МКВ — өкмөттүн мамлекеттик кыска мөөнөттүү (3, 6, 12 ай) дисконттук баалуу кагаздары. Бир вексель 100 сомго барабар. Мындай баалуу кагаз документсиз формада чыгарылып, банктык эсептерде сакталат.

МКО — өкмөттүн пайыздык киреше (купондук) ала турган мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздары. Аны пайдалануу мөөнөтү бир жылдан жогору болот. Номиналдык наркы жана параметри чыгаруу учурунда Финансы министрлиги тарабынан аныкталат. Облигация документсиз жана документ түрүндө болот.

Баалуу кагаздардын эки түрү тең Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондор аркылуу жума сайын сатылып турат. Аукционго коммерциялык банктар, институционалдык инвесторлор жана "Борбордук депозитарий" ЖАКсы катышууга укуктуу. Юридикалык жактар жана жеке адамдар да ээлик кыла алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0