Ирандык генералдын өлүмүнөн кийин алтындын баасы рекорд койду

© AP Photo / Mike GrollАлтын. Архив
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аналитиктер баалуу металл мындан ары дагы кымбаттап, керек болсо нефтинин көрсөткүчтөрүнөн ашат деп божомолдоодо.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Жакынкы Чыгышта абалдын курчуп кеткенине байланыштуу алтындын баасы 2,3 пайызга өсүп, 2013-жылдан берки рекордду жаңылады. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Аналитиктер баалуу металл мындан ары дагы кымбаттап, керек болсо нефтинин көрсөткүчтөрүнөн ашып кетет деп божомолдоодо.

Алтындан тышкары палладийдин баасы дагы рекорд жаратты. Азыр анын баасы унцийине 2030,28 доллар деп бааланууда. Ал эми күмүш 18,5081 доллар турат.

Эске салсак, 3-январь күнү ирандык генерал Касем Сулеймани каза болгон соң нефтинин баасы эки пайызга өсүп кеткен.

Сулейманинин өлүмү

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жылда алтындын баасы канча өзгөргөн. Кыргызстанда андан акча жасаса болобу?
3-январда Пентагон АКШ Багдаддагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Каза болгондордун арасында Сулейманиден тышкары кошуун жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы төрт офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөдү. Ошондой эле Трамп Касем Сулеймани миңдеген америкалыктарды өлтүрүп же жабыр тарттырганын билдирген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мамлекеттик катчы Майк Помпеого АКШ генералды өлтүрүү менен эл аралык укукту бузганын айткан. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын башчысы Эммануэль Макрон Сулейманинин өлүмүнө кабатыр болуп жатышканын билдиришкен

Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыккан.

Ирак бийлиги болсо өлкө аймагындагы америкалык аскерлердин ишмердүүлүгүнө чектөө киргизген чечим кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0