Кыргызстандын сому өткөн жылы чет элдик валюталарга карата кандай өзгөрдү?

Жазылуу
Улуттук валюта 2019-жылы доллар, евро, юанга карата өз позициясын бекемдеди. Мындай тенденцияны Кыргызстандын Улуттук банкынын расмий курсунан байкоого болот.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Өткөн жылы улуттук валюта доллар, евро, юанга карата өз позициясын бекемдесе, рубль, фунт жана теңгеге карата түштү.

Мындай тенденцияны Кыргызстандын Улуттук банкынын расмий курсунан байкоого болот. Ал жактагы маалыматтар 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин алынды. Бир гана юань менен фунт стерлингге карата курстун 28-декабрдагысы колдонулду. Себеби аталган валюталар жума сайын гана алмашат.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Пайдасын көрөбүзбү же кээри тиеби
Доллардын курсу 69,85 сомдон 69,64 сомго түшүп, сом 21 тыйынга бекемделди. Евро 79,86 сомдон 77,98 сомго төмөндөп, улуттук валюта 1,88 сомго өзүнүн позициясын туруктуу кыла алды. Рублдин курсу 1,01 сомдон 1,13 сомго жогорулап, сом 12 тыйынга арзандады.  Ал эми теңгенин курсу өзгөрбөй  0,18 тыйынды түзүүдө. Мунун аркасында биздин валюта бир тыйынга түштү.

Юань — 10,15 сомдон 9,96 сомго түшүп улуттук валюта 19 тыйынга кымбаттады.

Фунт стерлинг — 88.95 сомдон 91.07 сомго жетти. Анын аркасында биздин валюта 2,12 сомго арзандады.

Жаңылыктар түрмөгү
0