Доллар арзандай баштады

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын валютасы кыргыз сомуна карата 19-декабрдан тарта арзандай баштаган. Аны Улуттук банк менен акча алмаштыруу бюролорунун маалыматынан улам билүүгө болот.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Акыркы күндөрү сом долларга карата өзүнүн позициясын чыңдай баштады.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча 19-декабрда доллар 69,84 сом турса, бүгүн, 31-декабрда, 69, 64 сом болгон. Мындайча айтканда 20 тыйынга арзандаган.

Valuta.kg порталында дагы доллар түшүп баштаганы айтылат.

Сатып алуу 69,78ден 69,36га чейин. Айырма — 42 тыйын;

Сатуу 69,89дан 69,66га чейин. Айырма — 23 тыйын.

Жаңылыктар түрмөгү
0