Өкмөт: пенсиянын топтомо бөлүгүн ипотека алууда колдонсо болот

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүИгрушечный домик
Игрушечный домик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга шарт түзгөн жаңы токтомдун максаты — социалдык камсыздандыруу тутумундагы акыйкаттуулукту камсыз кылуу жана социалдык маселелерди чечүүдө жарандарга көмөк көрсөтүү.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Эми камсыздандырылган жарандар пенсиялык топтомо бөлүгүн ипотекалык насыя аларда өздүк салымы катары колдоно алат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Буга шарт түзгөн жаңы токтомдун максаты — социалдык камсыздандыруу тутумундагы акыйкаттуулукту камсыз кылуу жана социалдык маселелерди чечүүдө жарандарга көмөк көрсөтүү.

"Өзүнүн турак жайы жок камсыздандырылган жарандар, пенсиялык топтомдорун ипотекалык насыя боюнча баштапкы төлөмдү каржылоо үчүн пайдаланса болот. Мындан тышкары, оор илдетке чалдыккан адамдар медициналык чыгымдарды төлөө үчүн дагы аталган каражатты пайдалана алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт мындан ары да жарандар үчүн актуалдуу социалдык милдеттемелерди чечүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн натыйжалуу механизмдерди ишке киргизүүнү пландап жатат.

Пенсиянын топтомо бөлүгү 9 жыл мурда пайда болгон, ал иштеген адамдын бардык маянасынын 2 пайызынан түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0