Жээнбеков: биздин экспорт ЕАЭБге тоскоолдуксуз кирет

Жазылуу
Өлкө башчы ЕАЭБге мүчө болгондон кийинки жыйынтыкты көрүш үчүн ага чейинки жана андан кийинки жыйынтыктарды салыштырып көрүү керек деген оюн айтты.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдик менен өлкөнү эмне байланыштырып турарын түшүндүрдү.

Мамлекет башчы Кыргызстан ЕАЭБдин тизмесинде татыктуу орунда турарын баса белгилеп, өлкөгө көп өлчөмдө жеңилдиктер бөлүнгөнүн эскертип кетти.

"Эгерде биримдикке киргенге чейинки же андан кийинки абалды салыштырсаңыздар, жыйынтыгын байкайсыңар. Биздин экспорт, буюрса, ЕАЭБ менен Евразияга тоскоолдуксуз кирет", —деди Жээнбеков.

Мындан сырткары, ал Россия Кыргызстанга бир топ жардамын көрсөтүп келе жаткандыгын кошумчалады.

Президенттин маалымат жыйынында эмне тууралуу сөз болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0