Жээнбеков БАЭде 7 келишимге кол койду. Арасында соттолгон адамдарды өткөрүү да бар

Жазылуу
Мамлекет жетекчиси аталган өлкөгө Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заед аль-Нахайяндын чакыруусу менен 11-декабрда жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмирлигине болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, мамлекет жетекчиси аталган мамлекетке Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заед аль-Нахайяндын чакыруусу менен 11-декабрда жөнөп кеткен. Жээнбековду БАЭ салтанаттуу тосуп алган.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

— КР өкмөтү менен БАЭ өкмөтүнүн ортосундагы маданият  чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— КР өкмөтү менен БАЭ өкмөтүнүн ортосундагы туризм  чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— КР жана БАЭнин ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим;

— КР Билим берүү жана илим министрлиги жана БАЭ Билим министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбековго Boeing үлгүсүндөгү учак алуу сунушталды
— КР өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана БАЭнин Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө министрлигинин  ортосундагы айыл чарба жана мал азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргызстандын Ислам академиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө;

— КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана БАЭ Кызыл жарым ай коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0