Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Депутат: ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрдү колдонбой текке кетирип жатабыз

© Sputnik / Эркин СадыковДепутат и экс-спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков
Депутат и экс-спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда кезектеги саясий кризис башталганда кээ бир таасирлүү топтор "буга Россия күнөөлүү" деген идеяны тарата баштайт.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрүн колдонбой берилген жардамды текке кетирип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинде өтүп жаткан тегерек столдо билдирди. 

Депутат Кыргызстанда маал-маалы менен биримдиктен чыгуу маселеси көтөрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, республиканы уюмга эч ким кыйнап киргизген эмес. Бул ойлонулган жана өлкө үчүн керектүү чечим болгон.

"Берилген мүмкүнчүлүктөрдү колдонбой, өнөктөштөрдүн жардамын бекерге кетирип жатканыбыз өзүнчө маселе. Көйгөй ЕАЭБге мүчө болгонубузда эмес, маселе Кыргызстандын аймагындагы коррупция жана аткезчилик маселеси чечилбей жатканында. Дал ушул көйгөйлөрдүн үстүндө иштешибиз керек", — деди Турсунбеков.

Парламентарий экономика, соттук реформа жана кадр маселеси менен иштеш керектигин дагы кошумчалады. Ал ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарынын деңгээлине жетип, ички көйгөйлөрдү чечкенде гана сапаттуу кызматташуу болорун белгиледи.

"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Кыргызстандын жана айрым коңшулардын коюлган талаптарды аткарганга чамасы жетпейт", — деди Турсунбеков.

Анын айтымында, Кыргызстанда кезектеги саясий кризис башталганда кээ бир таасирлүү топтор "буга Россия күнөөлүү" деген идеяны тарата баштайт.

"Парламенттин мурдагы төрагасы жана Жогорку Кеңештин депутаты катары айткым келет, бардык жаралган көйгөйлөргө өзүбүз гана күнөөлүүбүз", — деди эл өкүлү.

Ал мындан сырткары тышкы таасирге ыктап, ага ооп кеткен саясатчы же аткаминердин жеке позициясы ошондой экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0