16:31 25 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
824 0 0

Россияда жашылча-жемиш эле эмес, кыргызстандык жеңил өнөржайчылардын эмгеги да жакшы сатылат. Бирок кийим-кеченин экспорту солгундашы мүмкүн. Мунун алдын кантип алуу керектигин Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуздар.

Курулуш иштери. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Бишкекке кийим сатуу менен алектенген компаниялардын тобу келип кетти. 26 россиялык соода түйүндүн өкүлдөрү 4-5-декабрь күндөрү кыргызстандык жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Россиянын дүкөндөр түйүнү жана Кыргызстандын жеңил өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрүнүн алгачкы бизнес-жолугушуусунан россиялык компаниялардын табылгасы эмне болору жана кыргыз тарап эмне күтөрү боюнча Sputnik Кыргызстандын редакциясы билип көрдү.

Байкоо салуу

Айрым ишканалардын өкүлдөрү мурда Кыргызстандан чыккан кийимдерди сатып көрбөгөнүн айтышты. Дегеле россиялыктарды кыргыз өндүрүмүн кайра сатууга караганда буюртма берүү көбүрөөк кызыктырат. Андай учурда биздин тигүүчүлөр россиялык компаниялар үчүн алардын калыптары жана эскиздери боюнча кийим тигип берүүгө тийиш. Бирок биринчи жолугушууга келгендердин дээрлик бардыгы байкоо салууга келгенин белгилешти.

Россиядагы кийим, бут кийим, аксессуар жана парфюмга адистешкен дизайнерлик студиянын жетекчиси Владислав Репин да Бишкекте өткөн иш-чарага катышты. 

Глава дизайнерской студии Владислав Репин
© Sputnik / Бакыт Толканов
Россиядагы кийим, бут кийим, аксессуар жана парфюмга адистешкен дизайнерлик студиянын жетекчиси Владислав Репин
"Сатуу жана сатып алуу, анан, албетте, буюртма берүү үчүн келдик", — дейт Репин. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша өз өндүрүмдөрүнө кыргызстандык тигүүчүлөргө буюртма бериши мүмкүн.

Корпоративдик кийим даярдоочу компаниянын өкүлү Анна Долганева да буюртма берүүгө кызыкдар. 

Представитель компании по пошиву корпоративной одежды Анна Долганева
© Sputnik / Бакыт Толканов
Корпоративдик кийим даярдоочу компаниянын өкүлү Анна Долганева
"Биздин максат — россиялык рынокко зарыл товарларды тез, ыкчам даярдай ала турган өнөктөштөрдү табуу", — деп белгиледи Долганева.

Иш-чаранын россиялык тараптан уюштуруучуларынын кеңешчиси Екатерина Дягилева да көпчүлүк ишканалар байкап көрүүгө келгенин ырастады. Алар Россияга караганда Кыргызстанда буюртма берүү канчалык пайдалуу экенин баалап көрүшөт. 

Консультант соорганизаторов с российской стороны Екатерина Дягилева
© Sputnik / Бакыт Толканов
Иш-чаранын россиялык тараптан уюштуруучуларынын кеңешчиси Екатерина Дягилева
"Ооба, сатып алуу үчүн гана эмес, буюртма берүүгө келишти. Себеби россиялык компаниялар өз эскиздери менен иштешет. Биринчи тажрыйба жеңил болот өңдөнөт. Коллекцияларынан алып, өздөрүнө ылайыкташат", — деп түшүндүрдү Дягилева.

Кыргызстанда буюртма берүүнүн пайдасы канчалык?

Долганева маанилүү бир жүйөнү айтат, айтымында, аны буюртманы аткаруу ылдамдыгы кызыктырган.

"Мага Кыргызстандан Россияга өндүрүмдү төрт күн ичинде жеткирилерин, кечиктирилбей турганын айтышты, себеби биз бир бажы аймагындабыз. Эмнеге Кытайды эмес, Кыргызстанды карап жатам? Мага товардын тез арада жеткирилиши маанилүү", — дейт Долганева.

Бирок ал товар сапаттуу болушун, өз маалында жеткирилишин жана алдабай иштешүү керектигин кошумчалады.

Кеңешчи Дягилева делегациянын курамында өз буюртмаларын Өзбекстанга берген компания да бар экенин, бирок бир катар татаалдыктардан улам кыргызстандык тигүүчүлөргө алмаштырууга ниеткер экенин белгиледи. Бирок ал кызматташууда дал кайсы көйгөйлөр жаралганын так атаган жок.

Кыргызстанда тигилген кийимдердин сапаты жакшырды

Аялдар кийимин чыгарган россиялык компаниянын башчысы Фарид Оруджев да анын бренди менен текстиль өндүрүүчү ишкананы издеп келген. 

Глава российской компании по производству женской одежды Фарид Оруджев
© Sputnik / Бакыт Толканов
Аялдар кийимин чыгарган россиялык компаниянын башчысы Фарид Оруджев
"Бишкектик өнөржайчылардын деңгээли көтөрүлүптүр, ошондуктан кызык болду мага. Мурда "Дордой" базарын көрүп кеттим эле, сапат ал кезде төмөн болчу. Туруктуулук жок убак, 100 кийим алсаң, бири жакшы тигилген, экинчисинин тигиши кыйшык, топчу-сыдырмалары да ар кыл болуп калчу", — деди Оруджев.

Кыргызстанга кызыгуунун башка дагы себеби — өлкөнүн Россия менен бир бажы аймагында болушу.

Кыргызстандык компаниялардын кемчилиги

Иш-чаранын россиялык тараптан уюштуруучуларынын кеңешчиси Екатерина Дягилева кыргызстандык ишканалар менен түз кызматташкандар боюнча мурда маалыматтар топтолгонун айтып берди.

"Мурун иштешип көргөндөрдүн баары эле ыраазы эмес экен, менеджмент жагы айрымдарынын көңүлүнө төп келбептир", — дейт Дягилева.

Анын айтымында, кеп үлгүлөрдүн дал маалында аткарылышында. Дүкөндөр түйүндөрүн иштеткендер үчүн кыска мөөнөт абдан маанилүү. Анткени сезонунда иштеп калуу дал сезонго жараша.

Ири компанияларга чыгуунун азырынча кажети жок

Дягилеванын айтымында, Бишкекке 900дөй дүкөнү бар үлкөндөр келген жок, бирок бул жолугушууга катышып жаткандар түз кызматташууга даяр ишкерлер.

"Ишкерлер эки күндүк жолугушууда таанышып, кыргызстандык компаниялардын ишти так, тез бүтүрүп-бүтүрбөсүнө жараша бүтүм чыгарышат. Алардын кандай ойдо кайтары маанилүү. Силер да көптү үйрөнүшүңөр керек, биз дагы ылайыкташабыз. Сапатты сактап, өз мөөнөтүндө буюртманы аткарып, андан соң гана ири түйүндөргө чыгууга аракет кылууга болот", — деп белгиледи ал. 
Переговоры представителей предприятий легкой промышленности КР и сетевых магазинов РФ
© Sputnik / Бакыт Толканов
КРдин жеңил өнөр жай ишканалары менен РФтин дүкөн түйүндөрүнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү

Россиялык дүкөн түйүндөрү менен эмне үчүн кызматташуу зарыл?

Кыргызстандык текстиль ансыз деле Россияда сатылат. Бул суроого жоопту атамекендик жеңилөнөржайчылардын бирикмесинин президенти Сапар Асанов жооп берди. "Легпромдун" башчысы жергиликтүү тигүүчүлөрдүн өндүрүмдөрү негизинен россиялык дүкөндөрдө эмес, базарларда сатылып жатканын эске салды. 

Президент ассоциации Легпром Сапар Асанов
© Sputnik / Бакыт Толканов
Атамекендик жеңилөнөржайчылардын бирикмесинин президенти Сапар Асанов
"Эң башкы максат — тенденциялар алмашууда, сатып алуучулар базардан дүкөн түйүндөрүнө кетүүдө. Замандын жана керектөөчүлөрдүн талабына ылайыкташуубуз абзел. Ошондой эле Россиянын президенти 2020-жылдан тарта башаламан соода болбошу керек деген жарлык чыгарды. 18 жыл аралыгында биз Россияга таанылып, аброй күттүк, эми сапаттуураак деңгээлге көтөрүлүүгө тийишпиз. Биздин ишканалардын көбүн базардан түйүндөргө тартышыбыз керек", — деди Асанов.

Анын айтымында, жолугушууга атамекендик өндүрүүчүлөр кызматташууга кызыкдар компаниялар чакырылган.

ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Асанов дагы Дягилеванын менеджмент боюнча пикирине кошулат, сапатты жогорулатуу зарыл. Анүчүн атайын тренингдер өткөрүлүп турмакчы.

"Легпромдун" жетекчиси 8-10 жыл мурдагы атамекендик тигүүчүлөр азыркыдай ыкмаларга даяр эместигин, бирок азыр россиялыктардын буюртмаларын аткарууга күчү жетерин белгиледи.

Жыйынтыгында Асанов Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тигүүчүлөргө "Факторинг" программасын сунуш кылганын айтат. Анын алкагында текстиль ишканаларынын россиялыктар менен келишим түзгөн учурунда айлантуу үчүн каражат ала алышат. Анткени дүкөндөр түйүнүн иштеткендер буюртма үчүн негизги сумманы товар жеткирилгенден бир-үч ай өткөндөн кийин гана төлөп беришет.

Тема боюнча

Кыргызстан менен Казакстанды бир туугандыктан башка дагы эмне байланыштырып турат
Бишкек менен Ошто тигүүчүлүккө үйрөнүп, иштегиңиз келеби? Кайрылчу даректер
Белгилер:
Сапар Асанов, буюртма, өнөр жай, бренд, кийим-кече, кийим тигүү тармагы, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ