Эксперт: КР аткаминерлердин кашаңдыгынан ЕАЭБди толук пайдалана албай жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовФлаг Кыргызской Республики
Флаг Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп киргенине төрт жылдын жүзү болду. Белгилей кетсек, уюмга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Белоруссия жана Армения кирет.

Евразиялык аналитика клубунун жетекчиси Никита Мендкович ушул мезгил аралыгындагы ийгиликтерге (же утулушу) эксперттер үчүн эле эмес, карапайым калкка да түшүнүктүү терминдер менен сереп салып көрдү.

ЕАЭБ жана мектептер

ЕАЭБдин негизги милдети — Биримдикке кирген башка өлкөлөрдүн аймагына товарларды сатуу жана тейлөө эркиндигине шарт түзүү. Өз товарларын бөлөк өлкөлөргө сатуу көлөмүнүн өсүшүнө кыргызстандыктар кызыкдар, анткени бул алардын маянасына жана ошол товарлардын өндүрүшү боюнча жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгүнө таасир этет.

Жөнөкөй жана түшүнүктүү фактылар бар: 2015-жылы (Евразиялык экономикалык биримдик түптөлгөн жылы) Кыргызстан Биримдиктеги өнөктөш өлкөлөргө жылына 410,2 млн. долларлык, ал эми 2018-жылы – 640,7 миллионго, тагыраак, 230 миллион долларга көбүрөөк товар саткан.

Заседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБге чейин жана киргенден кийин. КРдин экономикалык көрсөткүчү
Бул көрсөткүчтү чакан калаанын мисалында карап, мисалга Ош облусундагы Кара-Суу аймагын алалы. Алынган пайданы өлкөнүн калкына теңме-тең бөлүштүрсөк, бул калаа жылына кошумча 640 миң доллар алмак. Болжолдуу эсеп менен андай каражат 1-2 мектеп же 2-3 бала бакчанын курулушуна жетмек.

Иш жүзүндө, албетте, өлкөгө кирген акчанын баары мектеп жана бала бакчага жумшалбайт. Бир бөлүгү өндүрүшкө, дагы бир тобу башка тармакка бөлүнөт. Кандай болсо да расмий бийликтин маалыматы боюнча, Ош облусунда 17 жаңы мектеп жана 22 мектепке чейинки мекеме ачылган. Аталган аймактагы мектеп имараттарынын көпчүлүгү жарактан чыкканын эске алсак, бул салымдар болбосо, калктуу пунктулардын бир тобу билим берүүчү мекемелерсиз калмак.

Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан, жаңы мектептер ачылууда. Мында өлкөгө ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен болгон соодадан түшкөн каражаттын да салымы чоң. Аттиң, өлкөгө ЕАЭБ аркылуу келген акчалардын бир бөлүгү жемкорлук, салыктан жашыруу жана ишкерлер тарабынан сыртка чыгарылып, кыргызстандыктардын көбүнө жетпей калууда. Жымсалдабай айтсак, жалпы элге керек мектептин ордуна кимдир бирөөнүн үйү курулуп, кимгедир кымбат баалуу машина сатып алынат... Эгер акча туура, ачык бөлүштүрүлсө, облуста 40 мектеп куруп коюуга болор эле.

Бирок бул маселеге ЕАЭБ органдары кийлигишпейт. Кыргызстан эгемендүү өлкө, ал эми Биримдикке мүчөлүктөн түшкөн каражатты кандай бөлүштүрүүнү евразиялык мекемелер эмес, өкмөт менен эл өзү чечет.

ЕАЭБ жана жумуш орундары

Сатылган товарлар сырттан алып келинип же өндүрүлөрү айкын. Ал эми аларды сатуу үчүн көп жумушчу талап кылынат.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулганда, тагыраак, 2015-жылдын августунда, экономиканын расмий тармагында 523 миң киши эмгектенген, 2019-жылы бул көрсөткүч 543 миңге жетип, 20 миң жумуш орду кошулган (көмүскө тармакты эсепке албаганда). "Көмүскөдөгү" өндүрүштү эске алганда жумуш орундары 20 эмес, 50 миңге өскөн болушу мүмкүн.

Покупатель выбирает куриные яйца. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ өлкөлөрүндө негизги азык-түлүктүн баасы канча? Статистика
Өлкөдөгү жарандар соңку жылдары ишке орношуунун кошумча мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мисалы, республиканын тигүү жана текстиль цехтеринин өндүрүшү өсүүдө. Алар Биримдиктеги бөлөк өлкөлөргө экспортоого багытталган. 2013-жылдан тарта тармак туңгуюкка кептелип, өндүрүштүн көлөмү төмөндөгөн, бирок ЕАЭБге киргенден кийин жаңы буюртмалар түшүп, жаңы иш орундары жарала баштады.

Ош облусундагы Кең-Сай конушунда 2019-жылы 7 миң жумушчу орунга эсептелген тигүү өндүрүшү түптөлгөн. 2017-жылы Токмокто 200 кишилик текстиль фабрикасы ачылган. Башка бир катар ишканалардын ачылганы да анык. Бул долбоорлордун негизги инвестору Россиянын колдоосу менен түзүлгөн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду болду.

ЕАЭБдин КРдин алты миллиондук эмес, жалпы мүчө өлкөлөрдүн 180 миллиондук рыногуна кире аларын эске алсак, республика ыраак чет өлкөдөн, анын ичинде Индия, Түркия жана араб өлкөлөрүнөн инвесторлорду да тарта алат.

Түзүлгөн мекемелер экспорт үчүн гана эмес, мекендештер үчүн да иштейт. Расмий маалыматтарга таянсак, 2017-18-жылдары текстиль жана тигүү өнөр жайынын өндүрүш көлөмү 29 пайызга өскөн. Бирок бул тармактын 50-80 пайызын көмүскө иш алпарган, статистикага камтылбаган чакан цехтер түзөт. Ошондуктан акыркы жылдардагы өндүрүш расмий көрсөткүчтөн кыйла жогору болушу ыктымал.

Башка тармактарда да жылыш байкалат. 2018-жылы эле Кыргызстанда 10 жаңы өнөр жай ишканасы ачылган. Ошондой эле айыл чарбасы, азык-түлүк өндүрүшү, логистикасы, транспорт тармагы да жандана түштү.

ЕАЭБ жана эмгек мигранттары

ЕАЭБдин маанилүү милдети — жарандардын Биримдиктин кайсы гана өлкөсү болбосун эркин ишке орношуусуна шарт түзүү. Кыргызстанда калктын өсүү ыргагы ыкчам болсо, маселен, Россияда жумушчу күчү жетишсиз. Кыргызстандыктар ЕАЭБге мүчө өлкөнүн жарандары катары бир катар чектөөлөрдөн жана эмгек патентине төлөнчү төлөмдөн бошотулат. Мындай жеңилдиктер өзүнө көбүрөөк акча жумшоого жана үйлөрүнө ашыгыраак каражат которууга мүмкүндүк берет.

Өзбекстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Валдай" клубунун серепчиси: ЕАЭБге Өзбекстандын кириши баарына пайдалуу
Ушул тапта өлкө бийлигинин баамында Россияда 680 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран эмгектенет. 2014-жылы, ЕАЭБге чейин, Кыргызстанга Россиядан 2 миллиард доллар которулчу. 2018-жылы 2,6 миллиард доллар, башкача айтканда, Биримдикке кирген мезгилге караганда жылына акча которуунун көлөмү дээрлик 600 миллион долларга көбөйгөн.

Бул каражат — калктын бир топ чыгымын жабуу, анын ичинде күнүмдүк керектелчү товарлардын импортун сатып алууга сарпталган акчанын негизги булагы. Аларсыз республика экономикалык гана тургай, анык гуманитардык туңгуюкка кептелмек.

Ошондой эле ал каражат — келечекке да инвестиция. Эмгек мигранттарынын бир тобу мекенинде иш түптөө үчүн акча чогултат. Макаланын автору Ош облусунан чыккан, Санкт-Петербург шаарында альпинист болуп иштеген таанышы мекениндеги үйбүлөлүк үлүшүн алдыңкы фермердик чарбага айлантуу боюнча бүтүндөй бизнес-планын даярдап койгон. Ага зарыл каражатты бир нече жыл иштеп топтоп алып, мекенине кайтып келүүнү пландап жүрөт.

ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн кайтып келген эмгек мигранттары республиканын жаңы жана прогрессивдүү орто классынын түптөлүшүнө негиз болчу күндөр алыс эмес.

Пайданы кантип жогорулатууга болот?

Кыргызстан жылына ЕАЭБге мүчөлүккө байланышкан түз, кеминде 3,3 миллиард долларлык киреше алат. Бул республиканын 2019-жылдагы мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнөн бир жарым эсе көбүрөөк. Жалпы эсептелген сумма жыл сайын Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундай трассадан төрттү курууга жетмек.

Дал ушул каражаттардан улам соңку жылдары өнөр жай, билим берүү жана маданият тармагындагы көп долбоорлор жүзөгө ашырылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин шартын түшүнүп иш кылышы керек
Албетте, мынчалык ири сумманы эч ким жеке көзөмөлдөй албасы турулуу иш. Ал Кыргызстандын экономикасына ар кандай каналдар аркылуу кирет, бирок мамлекет жана банк тутуму каражат болушунча үзүрлүү жүгүртүлүшүнө шарт түзүүгө тийиш. Кымырылып же эпчил шылуундар тарабынан чет өлкөгө чыгарылып кеткенден көрө талап күч болуп турган өндүрүштөрдү жаратууга, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалганы дурус. Бирок бул ЕАЭБдин эмес, ички саясаттын, тартиптин жана экономикалык стратегиянын маселеси.

2015-жылы республика Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгүнөн, өзүнүн иш жүзүндөгү өндүрүш көйгөйлөрүнөн улам экономикалык туңгуюкка кептелген. Андан чыгуунун жалгыз жолу — ЕАЭБге мүчө болуу эле. Андан башка тандоо деле жок болчу.

Балким Кыргызстан али Биримдиктин бүт мүмкүнчүлүктөрүнөн толук пайдалана электир. Буга бирикмеге мүчө болуп кирген алгачкы жылдардагы көп аткаминерлердин кашаңдыгы кедерги болгон. Өндүрүмдөрдү тышкы рынокко чыгарууга байланышкан бир топ маселелер, бизнес өкүлдөрүнө жаңы мүмкүнчүлүктөр жана эрежелерди маалымдоо, сертификаттарды каттоо жана инвесторлор менен иш алпаруу өңдүү иштер 2017-жылга чейин көңүлдөн жаздым калып келди. Ошол эле айыл чарба товарларын экспорттоону камсыздоочу фитосанитардык лабораториялардын түйүнүнүн түзүлүшү деле көпкө созулду. Болбосо, бул долбоор ЕАЭБге мүчө болгон башка өлкөлөрдүн каржылык жана техникалык көмөгүн алып турган.

"Эч кыймылдабаган киши гана жаңылбайт" деген туура кеп. Евразиялык рынокторду багындыруудан баш тартуу жана өзүнчө обочолонуу бул өнүгүүдөн артка чегинүү, экономикалык өсүштүн токтошу жана жакырлык болоор эле.

Ал эми интеграция ынтызар жана мээнеткеч адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр экени талашсыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0