Жээнбеков 20 млн. доллар бериле турган эл аралык документти ратификациялады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУчастие президента КР Сооронбая Жээнбекова в седьмом заседании ССТГ
Участие президента КР Сооронбая Жээнбекова в седьмом заседании ССТГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) Кыргызстанда Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын каржылоо үчүн жеңилдетилген акча бермекчи.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул жөнүндө президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 13-ноябрында кабыл алган.

"Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш", — деп айтылган маалыматта.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 млн. долларлык насыя жана грант берет
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) Кыргызстанда Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын каржылоо үчүн жеңилдетилген финансы каражатын берүүдө.

Программаны жүзөгө ашырып, финансылык колдоо көрсөтүү үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бири катары чыккан Дүйнөлүк банк 10 млн. доллар өлчөмүндөгү грант жана 10 млн. доллар өлчөмүндөгү насыя түрүндө каражат бөлүп берет.

Кредит ЭӨАнын стандарттуу шарттарында, алты жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо, жалпы 38 жылдык мөөнөткө, жылдык 0,75 пайыздык ставка менен каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0