Монголия ЕАЭБ менен эркин экономикалык аймак ачууга кызыкдар

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүУлан-Батор шаары. Архив
Улан-Батор шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган эл аралык интеграциялык экономикалык бирикме. Курамында Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия бар.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Монголия менен Евразия экономикалык бирикмесинин (ЕАЭБ) ортосунда эркин соода аймагын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул туурасында Монголиянын Россиядагы элчиси Искандер Азизовдун сөзүнө таянып РИА Новости жазды.

"Азыр сүйлөшүү процесси жүрүп жатат. Россия Улан-Батордун аталган келишимге болгон кызыгуусун колдойт. Бүгүнкү күндө кызматташууга тоскоолдук жарата турган маселелер боюнча жыйындар өткөрүлүүдө", — деди элчи.

Анын айтымында, жакынкы арада Москва шаарында "ЕАЭБ — Монголия" бизнес-форуму өткөрүлмөкчү.

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган эл аралык интеграциялык экономикалык бирикме. Курамында Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия бар. Кыргызстан бирикмеге 2015-жылдын 12-августунда кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0