Ооз көптүрдүкпү? Өзбекстан авто чогултчу заводун эмнеге ачпай жатат

© Sputnik / Жасмин МалашеваПресс-конференция АО "ДжиЭм Узбекистан" в Бишкеке
Пресс-конференция АО ДжиЭм Узбекистан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга автоунаалар бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери менен киргизиле баштайт. Тагыраагы, үчүнчү өлкөдөн келген автолорго бажы төлөмү 11 эсеге жогорулайт.

Мындан улам ушу тапта эл көп жылдардан бери көнүп калган япон жана немец унааларына альтернатива издеп жаткан кез.

Эсиңерде болсо, эки жыл мурда Өзбекстан Кыргызстанда жеңил унаа чогултуучу  эки, айыл чарба шаймандарын чогултуучу бир завод ачары айтылган. Бирок ушул күнгө чейин анын бири дагы ишке кире элек.

Аталган ишканалардын тагдырын билүү үчүн КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулуна кайрылдык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу
Ооз көптүрдүкпү? Өзбекстан авто чогултчу заводун эмнеге ачпай жатат - Sputnik Кыргызстан
КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу

— Шумкарбек мырза,  Өзбекстандын бизге убадаланган автоунаа чогултуучу заводдору эми өзгөчө кереги тийчүдөй болуп калды. Алар эмнеге ачылбай турат?

— 2017-жылы Өзбекстан Кыргызстанга автоунаа жана кир жуучу машина чогултуучу заводдорду ачарын билдирген. Убадалангандай эле Ош облусунда кыргыз-өзбек биргелешкен Artel заводу былтыр иштей баштады.

Ал эми автолорду чогултуу заводдору боюнча бир катар маселелер жаралган, көбүнесе өзүбүз жактан. Биринчиден, өзбек тарап салыктардан бошоткула, экинчиден, Кыргызстанда чогулган автоунаалар тендерлерге катышып, чечим кабыл алууда аларга артыкчылык берилсин деген талаптарды коюшту. Бул эми товарыбыз сатылсын, өз рыногу болсун деген кеп да. Анын баарын мыйзамдан карасак, бир күндө эле аткара койчу иш эмес экен.

— Биз тараптан кандай тоскоолдуктар болуп жатат?

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар автоунаасын эки жол менен каттата алат. Кайсынысы арзан?
— Өзүңөр билгендей, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында автоунаа өндүрүү же чогултуу болгон эмес. Советтер Союзу маалында эле жүк ташуучу унаалар чыкчу. Андыктан бул жаатта бизде бир дагы мыйзам жок. Тагыраагы, автоунаа Кыргызстанда чогултулду же жасалды деп сертификат берүүгө мүмкүн эмес. Албетте, мыйзамды кабыл алып, чогулта берсек болот. Бирок анда техника рынокко Өзбекстанда жасалды деп чыгат.

Кыргызстанда жасалды деп айтыш үчүн тетиктердин, колдонулган материалдын жок дегенде 50 пайызы Кыргызстандан чыгышы керек. Бул жагына келгенде биз биринчи этаптан дагы өтө албайбыз.

Ал эми Кыргызстанда жасалды деп рынокко чыгаруу үчүн ар бир машинага VIN-код (автоунаанын идентификациялык номери —  ред.) алышыбыз керек. Аны эл аралык уюмдан каттоодон өткөрүү зарыл. Бул үчүн тиешелүү документтер иштелип чыкса, аны ишке ашыруу үчүн убакыт талап кылынат. Учурда Экономика министрлиги жана башка тиешелүү ведомстволор менен биргеликте иштер аткарылып жатат.

— Азыркы автобазардагы абалды эске алуу менен иш бир аз болсо дагы ылдамдайбы?

— Ылдамдап, ишке ашып кетсе, албетте, жакшы болот эле. Жылыштар болот деп ишенем.

— Унаа чыгаруучулар менен кыргыз тараптан жеке ишкерлер иштешеби же мамлекетпи?

—  Жеке ишкерлер. Биз "Узавтосаноат" ассоциациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бердик, алар менен кызматташабыз деген ишкерлер табылган. Мамлекеттин мындай мүмкүнчүлүгү жок да.

— Эми жалпы Кыргызстанга келип жаткан инвестиция тууралуу кеп кылсак, биздин ЕАЭБге киришибиздин бул жаатка пайдасы тийдиби?

Калькулятор стоимости растаможки автомобиля (кырг.) - Sputnik Кыргызстан
2020-жылдан баштап сиз ала турган автоунаа канчага сатылышы мүмкүн? Калькулятор
— Албетте, ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстан кээ бир өлкөлөрдүн кызыгуусун жарата баштады. Мисалы, орус, казак ишкерлери өз товарларын алып кирип жатышат.  Бирок бул биздин экиномика үчүн жакшы деле көрүнүш эмес. Себеби  канчалык башкалардын товарын көп алсак, ошончолук каражатыбыз сыртка чыгып кетип жатат. Анткен менен кыргыз ишкерлери дагы аракет кылууда. Мамлекет тараптан дагы колдоолор бар, бирок жетишсиз. Азыр ишкерлерге комплекстүү жана даректүү жардам керек.

— Акыркы жылдары Бишкекте франшиза жолу менен бизнестин көп түрү ачылып жатат. Мунун өлкө экономикасы үчүн пайдасы канчалык?

— Пайдалуу жагы — даяр стандарттар бар. Анын үстүнө эл ал бренд жөнүндө билет, ишенет. Демек, кардарсыз калбайт. Бирок ошол эле учуда бул — импорт. Бир эле мисал, Бишкекте дүйнөлүк бренддин атын колдонгон тамактануу жайы бар. Алар тамагын даярдоодо 90 пайыз чийки азыкты чет өлкөдөн алып келишет. Жаңы кирерде биз азык-түлүктү кыргызстандык ишкерлерден аласыңар деп талап койгонбуз. Бирок "силердин товар көлөм жана стандарт жагынан талапка жооп бербей жатат"  деп коюшкан. Келечекте өзүбүздүн өндүрүүчүлөр ошол сыяктуу ири тамактануу жайларга сырье даярдап сунуштоого кудурети жетип калат деп ишенем. Эгер ошондой болсо, акчабыз өлкөдө калып, франшизалардын дагы пайдасы жакшы эле тиймек.

Жаңылыктар түрмөгү
0