Токаев: Кыргызстан капиталынын казак экономикасынын өнүгүшүнө ири салымы бар

Жазылуу
Коңшу мамлекеттин башчысы Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанда казакстандыктардын катышуусунда канча ишкана иштеп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Казакстанда миңге жакын ишкана кыргызстандык капиталдын жардамы менен иштеп жатат. Бул тууралуу Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев эки республиканын мамлекеттер аралык жогорку кеңешинин жыйынында билдирди.

Бүгүн, 27-сентябрда, Казакстан башчысы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Президенттин айтымына караганда, Кыргызстанга казак инвесторлору 1 миллиард доллар салган.

"Кыргызстанда казакстандык капитал салынган 2000ге чукул ишкана иштеп, аймактардын социалдык жашоосуна активдүү аралашкан. Андыктан кыргыз өкмөтү мындан ары да казак инвесторлоруна жардам көрсөтүп, жылуу мамиле жасайт деген ишенимдебиз", — деген Токаев.

Андан сырткары, президент Кыргызстандын бизнеси Казакстанда иштеп жаткандыгын айтты.

"Бизде да Кыргызстандын катышуусу менен миңден ашуун ишканалар бар, алар да казак экономикасынын өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошуп жатат", — деди Токаев.

Ал бул кооперациялардын өсүп бара жаткандыгынан кабар берерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0