Кыргызстан менен Казакстанды бир туугандыктан башка дагы эмне байланыштырып турат

© Sputnik / Табылды КадырбековВсемирные игры кочевников-2016 на Иссык-Куле
Всемирные игры кочевников-2016 на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президентинин мамлекеттик сапарын утурлай Sputnik Кыргызстандын редакциясы эки өлкө өз ара кандай кызматташат, бири-биринен кандай айырмаланат жана эмнеликтен мамилелер бир аз солгундай түшкөнүн эске салат.

Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргызстанга жогорку деңгээлдеги сапары менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келет. Чек ара кызматташтыгы, транспорт, миграция, саламаттык сактоо өңдүү тармактарда бир катар документтерге кол коюлушу пландалууда. Ошондой эле Мамлекеттер аралык жогорку кеңешинин бешинчи жыйыны өтмөкчү, анын жыйынтыгы боюнча да документтерге кол коюлат.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы эки өлкө өз ара кайсы тармактар боюнча кызматташарын, кайсы чөйрөлөр боюнча тагдырлаш экенин эске алат.

Достук жана туугандык байланыш

Бир тууган эки элдин тили, салт-санаасы окшош. Тегин жерден "кыргыз, казак — бир тууган" деп айтылбаган.

Соода жүгүртүү

Развитие легкой промышленности в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын алтыны менен кийим-кечеси каякка сатылууда? Тизме
Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына таянсак, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында Казакстанга 246 миллион долларга кыргызстандык товар жеткирилген. Кыргызстандан пайдалуу кен байлыктары, айыл чарба өндүрүмдөрү, анын ичинде сүт азыктары, жашылча, жемиш, кийим-кече жана башка товарлар экспорттолот.

Казакстан Республикасынан импорттун көлөмү 410,5 миллион долларды түзгөн. Негизинен бул азык-түлүк, энергоресурс, жер семирткич, дары-дармек жана башка товарлар.

Суу жана энергетика

Ал эми мында кырдаал башкача. Кыргызстандын аймагында Чүй жана Талас дарыяларынын башаты жайгашкан. Казакстандык дыйкандар үчүн Орто-Токой жана Киров суу сактагычтары чоң мааниге ээ. 1985-жылдагы Москва токтомуна ылайык, Талас дайрасынын агымы Кыргызстан менен Казакстанга теңме-тең бөлүштүрүлгөн ал эми Чу дарыясынын 62 пайызы Кыргызстанга жана 38 пайызы Казакстанга тиешелүү.

Суунун баркын Казакстан тарап абдан жакшы түшүнөт. 2000-жылы Казакстан менен Чүй-Талас бассейндерин кароого коңшу мамлекет көмөк көрсөтөрү боюнча келишим түзүлгөн. Алардын катарына дарыя жана каналдардан сырткары, Киров жана Орто-Токой ири суу сактагычтары да кирет.

Мурдагы айыл чарба министри Жумакадыр Акенеев Кыргызстандын суусунун эсебинен Жамбыл жана Алматы облустарынын Кордай районунун басымдуу бөлүгү сугарыларын айтып чыккан, бул коңшу өлкөнүн айыл чарбасынын үлүшүнүн бир нече пайызын түзөт.

Прошение о богатстве богам во время празднования в преддверии Ла-Паса - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик карызды киши башына бөлсөк... Кыргызстанды 10 өлкө менен салыштыруу
Энерготармактагы кызматташтыктын да мааниси жогору. "Датка" жана " Кемин" подстанцияларынын курулушуна чейин ошондой эле алардын ортосундагы электр өткөрүү линиялары Токтогул ГЭСинен Кыргызстандын түндүгүнө Өзбекстан жана Казакстандын түйүндөрү аркылуу жетикирилип турган.

Булардан сырткары, Казакстан бир топ жыл электр энергиясын Кыргызстандан алып турган. Киловатт-сааттын өзү үчүн эмес, кийин электр кубатын иштеп чыгуу үчүн агып түшчү сугат суу үчүн гана. Көбүнесе сатып албастан, алмашуу жүрүп келген. Июнь-июль айларында Казакстандын айыл чарба керектөөчүлөрүн сугат суу менен камсыз кылуу максатында 270 миллион киловатт-саат кое берилген, ал эми эми аны кайтаруу сентябрда башталган.

Бишкек ТЭЦи үчүн көмүрдүн бир топ бөлүгүн коңшу өлкөнүн ишканалары ташыйт, себеби суу жылытуучу казандардын көбү казакстандык көмүргө ылайык долбоорлонгон. Көмүр ташуу сентябрдан тарта башталып жылытуу убагы аяктаганча Казакстандан 400 миң тонна катуу отун ташылууга тийиш. Ошондой эле Кыргызстанга кошуна өлкөдөн күйүүчү-майлоочу май ташуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Туризм

Ысык-Көл казакстандык туристтер арасында кеңири белгилүү, алар жайкысын гана эмес, лыжа сезонунда да көп келишет. Былтыр Кыргызстанга 7 миллион четөлкөлүк турист келсе, алардын 2,7 миллиону Казакстандан болгон, бирок алардын бир бөлүгү гана турист экенин да эске алуу зарыл.

Жумушчу күчү

Көптөгөн кыргызстандыктар өлкө чегинен тыш эмгектенишет. Биздин мекендештер иш үчүн багыт алган мамлекеттердин бири — Казакстан. КРдин Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, Казакстан Республикасынын миграциялык каттоосунда былтыр биздин 35 миң жараныбыз болгон. Бирок иш жүзүндө мындан да көп санда экени болжолдонот. КРге мигранттар тарабынан которулган каражаттын жалпы көлөмүнүн кичинекей гана бөлүмү Казакстанга тиет (быйылкы жылдын январь-сентябрь аралыгында дээрлик 1,8 миллиард доллардын ичинен жарым миллион доллардан азыраак акча).

Экономика

Үч жыл мурун Кыргызстанда 300 чакты биргелешкен ишкана иштечү. Ошондой эле жакында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өлкөсүндөгү башка ишкерлер да Кыргызстанда иш алпарууга ынтызар экенин билдирген.

2017-2018-жылдары Казакстандан 76,5 миллион доллар өлчөмүндө түз инвестиция келген. Жакында эле көптөгөн жергиликтүү ишкерлер ар кандай себептерден улам Казакстандын экономикасына да акча салары белгилүү болду.

Эки өлкөнүн мамилесиндеги жагымсыз учурлар

2011-жылы 100 миллион долларлык баштапкы капитал менен кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүү пландалган, бирок ал иштеп кете албады, бир дагы насыя бере алган жок.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токаевдин Кыргызстанга сапары жана ЖККУ саммити. Программа
Соңку жылдары эки ирет чек арада жүк ташуу көйгөйү көтөрүлгөн. Биринчиси 2017-жылдын октябрында. Казакстандын ал кездеги лидери Нурсултан Назарбаевдин КР президенттигине талапкерлердин бири менен жолугушуусуна кыргыз бийлиги нааразы болгонунда чыккан. Кыргызстандын ошол убактагы президенти Алмазбек Атамбаев коңшу мамлекеттин бийлигинин андай кадамын катуу сынга алган. Андай жооп чек ара көйгөйүнүн чыгышына себеп болгон. Казакстандын ал кездеги өкмөт башчысы аны көмүскө импортко каршы күрөш катары сыпаттаган. Кырдаал Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун сүйлөшүүсүнөн кийин жөнгө салынган.

Ошол жаңжалдын дагы бир себеби — ЕАЭБге Кыргызстан мүчө болуп киргенинде Казакстан 100 миллион долларлык техникалык көмөк көрсөтөрүнө берген убадасы. Каражат КРдеги санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык тутумдарын биримдиктин талабына ылайык келтирүүгө жумшалмак. Шайлоо күнү, тагыраак, 2017-жылдын 15-октябрында Атамбаев аталган келишимге тээ 2007-жылы кол коюлганын, эми өлкө “үч жыл күткөн” ал жардамга муктаж эместигин белгилеген. Ошол билдирүүдөн соң келишим жокко чыгарылган.

Быйыл мартта чек арада жүк ташып өтүү жаатында көйгөй кайрадан жаралган. Себептери мурдагыдай эле болчу.

Апрелдин башында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин кырдаал түзөлгөн.

Ачык маалыматтардан улам бүтүм чыгарсак, Кытайдан келген көмүскө импорт жагдайы Казакстанда деле дурус эмес.

Союздаштар

Работа сотрудников столичной Патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
ЖККУ саммитинин маалында ири көчөлөр жабылат. Тизме
Кыргызстан менен Казакстан — союздаштар, эки тарап тең аймактагы бир катар уюмга мүчө. Алардын арасында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюму (ЖККУ), Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) жана Түрк кеңеши бар.

Мунун баары, айрыкча, ЕАЭБге мүчөлүк өлкөлөр арасындагы визасыз режимдин болушуна, жарандардын каттоосуз 90 күн бири-биринин аймагында жүрө алышына шарт түздү. Ошондой эле товар, жумушчу күчү жана капиталды эркин айлантуу боюнча да иш кызуу жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0