Стамбулда кыргыз-түрк бизнес-форумунда бир нече документтерге кол коюлду

Жазылуу
Ишкерлер гидроэнергетика, технопарктарды куруу, айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай товарларын экспорттоо маселесин талкуулады.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Стамбул шаарында кыргыз-түрк бизнес-форумунда эки тараптын ортосунда соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү жөнүндө 6 меморандумга кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага 300дөн ашуун ишкер катышкан. Аны Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги, Түркиянын Соода палатасынын жана товардык биржаларынын биримдиги DEIK жана Түркиянын Экспортчулар ассоциациясы менен биргеликте уюштурган.

Чрезвычайный и Полномочный Посол КР в Турции Кубанычбек Омуралиев встретился с Министром сельского и лесного хозяйства страны Бекиром Пакдемирли - Sputnik Кыргызстан
Түркия Кыргызстандын айыл чарба продукциясын импорттоого кызыкдар
Түрк бизнесмендери "Кыргыз Республикасынын инвестициялык картасы" маалыматтык тутуму менен таанышты. Анда республиканын облустарынын жана райондорунун экономикалык көрсөткүчтөрү камтылып, инвестициялык долбоорлор жана инфраструктура объектилери, жаратылыш ресурстары менен жер тилкелери көрсөтүлгөн.

Форумдун жүрүшүндө эки жактуу ишкерлик жолугушуулар өттү. Алар гидроэнергетика, технопарктарды куруу, айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай товарларын экспорттоо маселесин талкуулады.

Мындан тышкары, башкаруунун жаңы ыкмалары менен өндүрүштүк технологияларды киргизүү, потенциалдуу инвесторлорду издөө, инвестиция тартуу, кооперацияларды өнүктүрүү сыяктуу багыттар боюнча кеп болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0