Кыргызстанда ишкер кыз-келиндерге атайын насыя берилет

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоррупция в КР
Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев "Кепилдик фонддун" финансы каражатынын 40 пайызын ишкер кыз-келиндерге берүү маселеси оң жагына чечилгенин билдирди.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы мамлекеттик банктарда аялдарды колдоо үчүн "Ишкер – Айым" жана "Айым – Кредит" атайын насыялык продуктулары түзүлгөндүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Бүгүн Дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган "Өз алдынча болуу эрдиги..." аттуу конференция болуп өттү.

"2030-жылга чейин ишкер айымдарды өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды. "РСК банк" аркылуу айымдар ишкерлигин өнүктүрүү үчүн "Ишкер – Айым" атайын насыялык продуктусу түзүлгөнүн канааттануу менен белгилеп кетким келет. Мында пайыздык үстөк улуттук валюта менен жылдык 14 пайыз 24 айга чейин (жүгүртүүдөгү каражаттарды толтуруу үчүн) жана 36 айга (негизги каражаттарды сатып алууга/курууга) чейин берилет", — деди иш-чарага катышкан премьер.

Батирдин эшигин ачып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакында ишкерлер үчүн мамлекеттик ипотека бериле баштайт. Шарты
Ал кредиттик линиянын жалпы бюджети 50 миллион сом экенин, анын ичинде 26,1 миллион сомго 78 насыя берилгенин айткан.

Мындан сырткары, дагы бир финансылык мекеме — "Айыл банк" "Айым – Кредит" деген аталыштагы атайын насыя бермекчи болгон. 14 пайыздык үстөгү менен 24 айга чейин (жүгүртүүдөгү каражаттарды толтуруу үчүн) жана 36 айга (инвестицияга) чейинки мөөнөттө улуттук валютада берилет. Долбоор 2019-жылдын 15-ноябрынан тарта башталган.

Абылгазиев "Кепилдик фонддун" финансы каражатынын 40 пайызын ишкер кыз-келиндерге берүү маселеси оң жагына чечилгенин кошумчалаган.

"Абылгазиев балдарга ден соолугунан мүмкүнчүлүгүнүн чектелгенине карабастан, тигүүнүн технологияларын үйрөтүп, өз продукцияларын Бельгия, Францияга саткан Турдукан Райымбекова, туристтерге кызмат көрсөтүүсү өнүгүп келе жаткан жана туристтерге кызмат көрсөтүү үчүн тик учак алган Елена Калашникова сындуу бир катар ишкерлерди белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин жетекчиси сөзүн жыйынтыктап жатып, конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди, дымактуу пландарды жүзөгө ашырууну, бакубатчылыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0