ЕЭК кеңеши мигранттарды пенсия менен камсыздоо боюнча долбоорду жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча каражаттары жана калькулятор. Архив
Акча каражаттары жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорго ылайык, эгер мигрант иштеп жаткан өлкөсүнүн пенсия фондусуна акча которсо, ошол мамлекет ага пенсия төлөйт.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенген мигранттарды пенсия менен камсыздоо жөнүндөгү долбоорду жактырды. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Аталган кеңешке ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери кирет.

"Пенсия жөнүндөгү долбоор жактырылды. Программа мигранттардын пенсиялык укуктарын коргоого багытталган. Эгер мигрант иштеп жаткан өлкөсүнүн пенсия фондусуна акча которсо, ошол мамлекет ага пенсия төлөйт", — деп айтылат маалыматта.

Долбоор тууралуу кенирээк маалыматты материалдан окуңуздар.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0