Кыргызстандын алтыны менен кийим-кечеси каякка сатылууда? Тизме

Жазылуу
Өткөн жылга салыштырмалуу лампаны эскпорттоо 1,6 эсеге, кийим-кече эки эсеге, жез 25,5 пайызга, темир-тесек 18,9 пайызга жана айнек 4,8 пайызга төмөндөгөн.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында 1 миллиард 192 миллион долларлык товар сыртка чыккан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

Кыргызстан кандай продукцияларын ири көлөмдө экспортоодо?
Кыргызстандын алтыны менен кийим-кечеси каякка сатылууда? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кандай продукцияларын ири көлөмдө экспортоодо?

Мекеменин маалыматына ылайык, 2019-жылдын сегиз айында Кыргызстан чет өлкөгө 491 миллион 813 миңден ашуун долларга алтын саткан. Анын басымдуу бөлүгүн (490,9 млн. АКШ доллар) Улуу Британия алган. Россияга кийим-кече (41,0 миллион доллар), пахта буласы (4,3 миллион доллар) кеткен. Мындан сырткары, коңшу Казакстан 83,7 миллион долларга баалуу металл, руда алганы белгилүү болду.

Ошол эле маалда өткөн жылга салыштырмалуу лампаны эскпорттоо 1,6 эсеге, кийим-кече эки эсеге, жез 25,5 пайызга, темир-тесек 18,9 жана айнек 4,8 пайызга төмөндөгөн. 

Чет өлкөдөн КРге кайсы продукциялар импорттолуп жатат?
Кыргызстандын алтыны менен кийим-кечеси каякка сатылууда? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөн КРге кайсы продукциялар импорттолуп жатат?

Ал эми сегиз ай ичинде Кыргызстанга Кытайдан бут кийим (161,7 млн. доллар), синтетикалык кездеме (75,6 млн. доллар), кийим-кече (87,3 млн. доллар), электр жабдыктар (159,8 млн. доллар) кирген. Россиядан ири көлөмдө нефть продуктулары, өсүмдүк майы, темир-тесек, жер семирткич алып келинсе, коңшу Казакстан көмүр, буудай, суу азыктары менен ун жөнөткөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0