Жээнбеков: ГЭСтерди оңдоого жана курууга 4,5 млрд. доллар керек

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүНижне-Бурейская ГЭС
Нижне-Бурейская ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергетика тармагындагы негизги максат — өлкөнүн электр энергияга болгон ички муктаждыктарын жабуу жана аны башка өлкөлөргө экспорттоо.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. ГЭСтерди реконструкциялоого жана жаңысын курууга 4,5 миллиард доллар зарыл. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" форумунда билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагындагы негизги максат — өлкөнүн гидроэнергетикалык ири потенциалын колдонуу менен электр энергияга болгон ички муктаждыкты жабуу жана аны башка өлкөлөргө экспорттоо.

Ал эми CASA-1000 долбоорун натыйжалуу аткаруу өлкөнүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин бир топ жогорулатат.

"Алдыбызда иштеп жаткан гидроэнергетикалык объектилерди масштабдуу реконструкциялоо жана жаңыларын куруу милдети турат. Алардын ичине Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскады кирет. Бул иштерди аткаруу үчүн 4,5 миллиард доллар талап кылынат", — деди президент.

Өлкө башчы кошумчалагандай, аталган долбоорлорду ишке ашырууда энергетика тармагында объектилерди куруу жана жаңы технологияларды тартуу боюнча тажрыйбасы бар эл аралык финансы институттарынын ролу абдан маанилүү.

Андан тышкары, жашыл энергетиканы өнүктүрүү өлкө үчүн жаңы, бирок абдан зарыл багыт экени айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0