Салык төлөө боюнча келерки жылдан тарта жаңы эреже кирет. Кимге тиешелүү болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин сынамык долбоордун негизинде бир катар бизнесмендер документти электрондук форматта кабыл ала баштаган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 2020-жылдан тарта кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр жана импорттук-экспорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу субъектилер милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтөт. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилген, ал жыл аягына чейин иштейт.

2020-жылдын башынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет жогоруда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө жүктөлөт.

"Салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүүгө күн мурунтан даярданууга чакырат. Бул үчүн алар электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорго кошула алышат. Мындан тышкары, алдын ала квалификациялуу электрондук кол тамга алышы керек", — деп айтылган билдирүүдө.

Кеңири маалыматты Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан же 1240 телефону аркылуу алууга болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0